Кирүү

Токтосун Самудинов. Дасторкондо

Тамак ичип, күчтөнөр
Болду маал түштөнөр.

Тегеректеп столду,
Чоң-кичине бүт толду.

Самап ичкен аштан соң,
Саат болду дасторкон.

"Ким жыйнайт деп тасмалды?"
Талаш-тартыш башталды.

Бири – шашат ишине,
Бири – али кичине.

Бири – калбайт оюндан,
Байласаң да моюндан.

Бирин – күтөт сабагы,
Эртең "эки" алабы?!

Кино көрөт – бириси,
Футбол тебет – тигиси.

Бири – чачын алдырмак,
Бири – коркуп алды ыйлап.

Бири – жөнөйт мектепке,
Жыйнаганды эстетпе!

"Чайын ичип буйдалса,
Эң артыңда ким калса,

Баарыбызды сыйласын,
Ошол гана жыйнасын!"–

Деген сунуш айтышты,
Токтотушту тартышты.

Кыймылы жай эң эле
Демек... Сейил чоң эне.

Ой-пикирлер