Кирүү

Жолон Мамытов. Ажал менен сулуулук

Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерип

Көргөн көрөөр узун өмүр пайдасын,
Бирок, айтчы, сен–өлбөстүк, кайдасың?
Зор сахнада ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, убакыттын кармашын.

Өлүм көрөөр сук өлүмдүн пайдасын,
Бирок, айтчы, сен–адилдик, кайдасың?
Жүрөк мыкчып, жүрөк туйду ар мерчем
Турмуш менен сулуулуктун кармашын.

Турган булар каршылаштар сабына
Майдан кезмек жарактарын тагына,
Боло электе ажал ажаан, а талант
Жете электе баралына, табына.

Жуурулушса талант менен сулуулук,
Сезимдерге уялады жылуулук.
Дал ошондон гүлүн, ачып тазалык,
Байкалбастан бүрүн ачты улуулук.

Эсимде жок күн санаты нече эле,
Сулуулукка мен кезиккем кечеде.
Көрүп калып жүрдүм кээде ал өңдүн
Бир жаркылдап баратканын көчөдө.

Көрдүм анан оозго алынып бат гана
Ойноп жаткан ойнун улуу сахнада.
Ыраазылык билдиришип сан көздөр
Дүркүрөгөн кол чабылып жатты ага.

Жылмаюсун топтоп сүйкүм ууртуна,
Келишимди топтоп бойго, тулкуна,
Бирде болсо Дездемона ай чырай,
Бет келишти бирде болуп Уркуя.

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
Баарын шилеп көкүрөккө толтурдук.
Бизге энчиге берилгендей ушул көрк
Канча оюнда жагалданып олтурдук.

Нуру болгон кино менен кеченин,
Шаңы болгон шайыр турмуш көчөнүн,
Ак жылдызды байкабаппыз шум ажал
Шарт деп бир күн колдон жулуп кетээрин.

Жаш тагдырга биз кайдигер караппыз,
Сулуулукту туш тушунан талаппыз.
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.

Сыйлык, сыйды убагында алганда
Балким, талант, ташып чыкмак андан да.
Чексиздикке эрте учаарын ким билди
Салып коюп сансыз журтту арманга?

Ойлой калсам зээним кейийт азыр да,
Оо, биз деги качан жеттик кадырга?
Ак денесин "Ала-Арчага" койбостон.
Аттап-буттап алып кеттик адырга.

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,
Эл–күзгүгө бир каранган экен да!

Рух–суусунду сендей талант–өзөндөн
Таттык,
бастык жаркын талант–көчөңдөн.
Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,
Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн,

Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган,
Элиң эсен оюнуңа агылган.
Сезимдерде кайталанып тураарсың
Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.

Өзүң кетип кайтпастыкка жашынып,
Калды элесиң сезимдерге басылып.
Эрте жазгы байчечекей өңдөнүп
Азга үлбүрөп, азга турган ачылып.

Алып кетти ак жааныңды төктүрбөй,
Ажал сени максатыңа жеткирбей.
Эсте калдың эл тамырын жибитип
Бир көнөктөп куюп өткөн өткүндөй...

Ой-пикирлер