Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Өрт өчүргүч кузьменко

Өзүң болуп ал түнкүнүн кыл алды,
Өрттү беттеп барганыңда тайманбай,
Селт дей түшүп, өрт өзү да таң калды,
Өз ажалын өзү көрө калгандай.
Сенин эки чеңгелиңде чоюндай,
"Өлдүм" деген ой-боюна коюлбай,
Куушурулуп жүрөк менен өпкөсү,
Чанагынан чыга түштү өрт көзү.

Капыс түшүп келе калган асмандан,
Икар кейпин а сен ага сездирдиң.
Континенттен континентке тез барган
Ракета окшоп турду тездигиң.
"Эрдик" деген улуу, ыйык законду,
Аны менен ачтың кайра жаңылап.
Бирден нурун берип турган окшоду,
Жылдыздар да түшүп келип жамырап.

Күндүз кечке тириликтен чарчаган
Шаарың көшүп, бейкут уктап жатты эле.
"Өйдө тур!" деп өлүм сени ойготту,
"Балам, кайда?"–баш көтөрүп айтты эне.
"Коркпо, апаке, келип калам эми эле..."
Кийиндиң да чыгып кеттиң жай жылып.
Ошол бойдон үйүңө да энеңе
Келген жоксуң сен экинчи кайрылып.

Өлбөстүккө кеткен элең сен анда,
Ай-ааламга, адамзатка көрүнөө.
Окшоп жатты сенин ар бир кадамың,
Баатырлыктын баскан алтын мөөрүнө.
Бир оокумда боло түштүң сезгендей,
Колундагы күйүп турган жер шарын,
Азыр эми бир гана сен чечкендей,
Адамдардын жашабасын, жашаарын.
Жер добушу үшкүрүнгөн, онтогон,
Жаткан эле кулагында жаңырып.
Шекшинүү да болду бейм бул ортодо:
"Кокус колдон түшүрөмбү, жаңылып?"
Ал учурда алган ар бир демиңе,
Атом чаңы жаткан мыктай кагылып.

Чатырчадан алоолонгон отту алып
Учурунда жерге, төмөн түшүргөн,
Окшоп кеттиң Прометей өзү анык,
Отту билген, оттун сырын түшүнгөн
Же мезгилди пружинадай кыстыңбы,
Жеткирбөөгө күн чыкканга, жарыкка?
Шашып жатты жазуу үчүн ысмыңды,
Издеп алтын тамгаларын Тарых да.

Чернобылдык өрт өчүргүч Кузьменко,
Сен бул түндү такыр эстен чыгарып,
Кайрыласың туулуп өскөн айлыңа,
Туруу үчүн урмат-сыйга чырмалып,
Азыркыңдан болбой эч бир айрыма,
Кылымдарга жап-жаш бойдон каласың.

Сыймыгындай Украина элинин,
Бардык көздөр сени келип карашат.
Эч жок десе, тийгизүүгө эринин,
Дүйнөдөгү шамалдар жол талашат.
"Булар кимдер?"–бурулганча сен ары,
Өткөн болот ак жүзүңдү аймалап,
Кыргыз ою жана кыргыз шамалы.

Ой-пикирлер