Кирүү

Токтосун Самудинов. Маска

Кийип алып бетиме
Улам бирин масканын,
Айбандарды туурадым
Үнүн тургай,басканын.

Жоругума ушундай
Баары күлүп жыргашты.
Аюу болсом, андан соң
Мышык бол деп кыйнашты.

Элестелди бир кезде
Токойдогу тоңкулдак.
Кубаладым балдарды
Каман болуп коркулдап.

Эң бойлуусу балдардын
Минип алып Кубатты
Келиштирдим өзүндөй
Узун моюн жирафты.

Коен, күчүк, мамалак,
Жолборс болуп ойнодум.
Бирок жакшы баарынан
Өзүм эле болгонум.

Ой-пикирлер