Жоомарт Бөкөнбаев. Жаштык кез
Жаштык кез–майтарылбас алмаз курал,
Жаштык кез–көз жетпеген бийик мунар.
Жадырап жер бетине гүл ачылса,
Жаркырап асмандагы күн кубанар.
Жаштык кез чабыттаган кыраандайсың,
Жаштык кез сайрап турган улардайсың.
Жайлоодон салкын соккон жел жапырган
Жайкалган жашыл шибер ырандайсың.
Камыкпай каарданып чексең сапар,
Калың эл жаштыгыңды мактап айтар.
Камы үчүн калайыктын тартынбасаң
Кайратың кара жерди солкулдатар.
Жаштык кез–жадыраган тийген нурча,
Жаштык кез–жайдарысың күлгөн кызча,
Жаралдың жаңы заман бактысына,
Жалтанбай жаштыгыңды элге жумша.
1937 ж.
- Сүйүнбай Эралиев. Бүбүсара
- Байтемир Асаналиев. Жаз боёгу
- Кыш айы
- Жаштарга
- Байдылда Сарногоев. Араккечтин аялынын кошогу
Ой-пикирлер
2020-02-06 ![]() Калыс |
Эн жакшы |