Сүйөркул Тургунбаев. Эне кубанычы
Жан эне чүрпөсүнө ичи эзилип,
бойтойгон турпатына көңүлү эрип,
бооруна кысып, кайра көкөлөтүп
жобурап, мээрин төгө эркелетип.
Өзүнчө жатат сүйлөп миң жалбара.
"Эгерде туубай калсам сендей бала
чатакты баштамакмын бардык жанга–
бармакмын табыптарга, доктурларга
канткенде табамын деп мындай бала.
Төрт бурчун төгөрөктүн түгөй кезип,
жүрмөкмүн каңгып бардык базарларда,
жолугуп түш жоруган кыйындарга–
төлгөчү, карта ачкан цыгандарга.
Таң, кечке эбиретип кыйнамакмын
"Айткын",–деп тыйын берип, арбын-арбын,
зарылып, тынчын алып далайлардын...
Эгерде туубай калсам сендей бала
түйшүккө салмакмын мен дүйнө жармын".
- Төштүк аюуга жолукту
- Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен учурашканы
- Барпы Алыкулов. Ынтымак
- Шайлообек Дүйшеев. Карагайчы кемпир
- Токтосун Самудинов. Жарма
Ой-пикирлер