Кирүү

Кыргыз абасы

Демек көп жыл шайланып,
Дүнүйө жүзүн айланып.
Дем алып көрдүм байма-бай.
Дүн жибине байланып.

Кан-тамырым кысылып,
Каякадыр учуруп.
Адам болдум арандан,
Алдыма жагып ысырык.

Аман келдим жериме,
Ала-Тоолук элиме.
Кубарган өнүм кызарып,
Кубанып кыргыз тегине.

Абаны менчик жутканда,
Ал күч кирди буттарга.
Толук бүгүн даярмын,
Тоолорду тепчип учканга.

Тоолорумун абасы,
Токчулукка арачы.
Тоолуктардын өндөрү,
Токтой жанат карачы.

Кыргыздардын өнүсүң,
Калат эсте жеңишиң.
Кызматың калат тарыхта,
Каратоолук эл үчүн.

Баркың ашып күнүгө,
Баратасың ириде.
Кереметтүү түсү бар.
Келатат тоолук тигине.

Күч берип турат башыма.
Көрк кошуп турат кашыма.
Кошулуп сууга таза аба.
Кубат кошот ашыма.

Кардары көп жылына,
Көркөмдүк сүрөт ырыма.
Мейкиндикке көз салып.
Мен ыраазы мунума.

Баштыкка бууп сатабыз.
Мардайып жыргап жатабыз.
Абабыз болду акча деп.
Асман челип басабыз.

Токуш Чолпонбаев

Ой-пикирлер