Кирүү

Нурмолдо. Наадан менен пайгамбар

Наадан менен пайгамбар
I
Токулдатып керкисин
Устажолдош чоңатам.
"Наадан менен Пайгамбар"
Деп ырдады карасам.

Андан бери көп акты
Алда канча дарыйаң.
Дагы да бар наадандар
Деп ырдады карыйам.

–Эселек болбо, балалар, I
Эсиңе тут Калмурат,
Эбереңе айтып бер
Бу заман эстен тандырат.

"Нурмолдонун сөзү" –деп,
"Устажолдош көзү" –деп.
Айта жүр бала-чакана
Акыл-чындык озү деп.

Лаалахилааха иллаллаах
Мухамедурра суулуллах.
Азабы бар болмоктун
Чыныгы Расулаллаах. I

Меккеликтер тааныды
"Пайгамбар –деп Мухаммет".
Каршы чыгат кафирлер:
"Муну кабыл этмедек".

Көрө алышпайт гөрдөйлөр
Кадыр-баркка жеткенин.
Жактырышпайт атүгүл
Жан көчөдөн өткөнүн.

Ошонун бири Байкемпир
Ойлонот балаканада
"Кантип жагып калды экен,
Куурагыр Алла Таалага?"

Башка жол жок басууга,
Пайгамбар өтөр күнүгө.
Келгенде кемпир түкүрөт
Балакана түбүнө.
"Астагфирулла!" –деп койуп,
Пайгамбар бетин арчынат.
Күндө кемпир түкүрөт
Келишпес кеги барчылап.

Ыраазы болбой буга да
Ойлонот кемпир пикирди:
Башына куйду жугунду
Шыпырып икир-чикирди.

Кайаша айтып койбостон
Пайгамбар кирин аарчынат.
Күндө куйуп жугунду
Куураган кемпир каршыгат.

Пайгамбар өтөр көчөдөн
Бир быш этип койбостон.
А кемпир икир-чикирди
Куйады күндө болбостон.

Кийимдерин тазалап
Күндө кийет которуп.
Кайсар кемпир жугунду
Кайра куйат бозоруп.
II
Дагы бир күнү Мухаммет
Көчөдөн өтүп баратыр.
Куйбады кемпир жугунду
Пайгамбар болду кабатыр!

Көрүңүз мунун зикирин
Улук инсан пикирин:
–Байкемпир ооруп калганбы?
Не куйбайт икир-чикирин?

Деп ойлоп кирсе үйүнө,
Байкемпир жандан түңүлө,
Онтолоп ооруп жатыры
Чакчайып шыпка үңүлө.

Зангырайт балаканалуу
Тамдары толо дүнүйө.
Коргону бийик калаалуу
Пайгамбар сөздөйт күйүгө:

–Күйөрмандар болбосо
Бу байлыктар бейпайда.
Өлөжазган Байкемпир!
Каралашар эл кайда?

Ана дализ, төркү үй
Бош аңгырайт киши жок.
Килем баркыт, жибе жүк
Көз тайгылтат дүйнө шок.

Ачылат өзү сандыктар
Алтын, күмүш шагырайт.
Ажыдар жутуп кеткенсип
Адам пенде табылбайт.

Кайра кирип кемпирди
Колу менен дабалайт.
Ичине дарты түшүптүр,
Ит болуп үрүп абалайт.

Көздөрүндө огу бар,
Колдорунда чогу бар.
Мухаммет апсун алаамат
Башкаларда жогу бар.

Чогун кактап иштетип,
Жогун салып биштетип.
Огун атып ичине
Итин чыкты тиштетип.

Кемпир ачып көздөрүн
Көргөнүнө ишенбей.
Каңгырап жылай баштады
Кайгырады кемшиндей:

– Кайырмазир –деп Пайгмбар
Кайра түштү жолуна.
Айыккан кемпир ыйлады
Аңгырайт окшоп долуга.

Ой-пикирлер



2021-09-30
Айпери
Өтө кызыктуу аңгеме экен