Кирүү

Тоголок Молдо. Ала-тоо

Ала-Тоонун арасы,
Жалпы жердин сарасы
Айтып өтөм бир катар,
Аңгемесин карачы.
Башы Ак-Сай, Чатыр-Көл,
Туурасы Торгарт жапыс бел.
Ушул жерди жердешип,
Өсүп-өнгөн кыргыз эле.
Аягында Арпа бар,
Салтанаты канча бар.
Көрбөгөн жан бир көрсө,
Көөнү ачылып шаттанар.
Аксай менен Арпада,
Ар уруу чөптүн кени бар,
Абышкасы оштонуп,
Жигиттен кыйын деми бар.
Ала-Тоо деп аталып,
Аягы кетет керилип,
Албан түрлүү чөптөрү,
Адамга сонун көрүнүп.
Ала-Тоодон ар канча,
Сонун тоолор бөлүнүп,
Атагы дайын билинет,
Анык көзгө көрүнүп,
Түп атагы Тянь-Шань,
Турган эли бир канча,
Келгендин баарын батырып,
Көрүнбөйт көзгө бир жанча.
Керме Тоо дейт аталып,
Айтылып жүргөн ыр менен.
Кар жаабаган себеби,
Касиеттүү сыр менен.
Кең өзөн Чүйдү калтырбай,
Көрсөтүп өтөр кези бар,
Баяндоого кең Чүйдү,
Байымбеттин сөзү бар.
Сонундуктан Чүй жери,
Алтын күрөк аталган.
Сары өзен Чүйдү жердеген.
Адамы калбайт катардан,
Чүйдүн башы Көк-Ойрок,
Келишкен жайлоо сонуну,
Айткан менен түгөнбөс.
Ар канчалык боруму.
Соңкөл деген көлү бар,
Куртка деген бели бар,
Нары жагында Жумгалды,
Айтып өтөр жөнү бар.
Кара-Кече жеринде,
Таш көмүрдүн кени бар.
Солтон-Сары, Соку-Таш,
Курттуу көл, Балгарт, Кара-Саз,
Нарындын башы Тарагай,
Кемир кырмак, кара-таш.
Сары-Жазы, Ак-Шыйрак,
Үч Каркыра, Кеген бар,
Ботонун Сазы деген бар.
Болжолсуз сонун Текес бар.
Шарапаттуу Ысык-Көл.

Ой-пикирлер