Кирүү

Акбар Рыскулов. Камыш ай Канышай

Ал анда күз эле. Эле күз.
Ааламда экөөбүз элебиз.
Ай карайт, жүзүңдү аймалайт.
Аралап камышты келебиз.

Камыштар шуудурап, шыгырап,
камыштар алдыңа жыгылат.
"Канышай! Канышай! Канышай!"–
кайталайм атыңды шыбырап.

Жүзүңдү аймалайт агыш Ай.
Жүрөктүн аптыккан дабышы-ай.
Камыштар кайталайт атыңды:
"Канышай! Канышай! Канышай!"

... Экинчи кезикпей бетме-бет,
эки адам бир күздү эскерет.
Камыштар ошондон ушул күн
"Канышай! Каныша-ай"–деп келет.

Айланайын, акын бала,
арман күүдөй атың мага,
азгырыктай көз карашың,
алыс жүрчү жакындаба.

Айланайын, акын бала,
аясаңчы, жакындаба,
аний, башым тегеренбе,
аний, жүрөк лакылдаба.

Сурабачы таалайымды,
суутпачы шаабайымды,
сымап сындуу көлкүп барам
сылап койсоң саамайымды.

Куштай конуп бутагыма,
канат болчу учаарыма,
каалап турсаң кыспайсыңбы.
кыссаң боло кучагыңа?

Айланайын акын бала,
арман күүдөй атың мага,
ак булактай имерилип,
жакын келчи, жакын мага!

Камыштын дилдирегиндей,
каакымдын үлбүрөгүндөй,
кыялда турат бир сезим
төгүлүп барып
төгүлбөй.

Булуттун буурул-көгүндөй,
булактын тунук үнүндөй,
кыялда турат бир сүрөт
көрүнүп келип,
көрүнбөй.

Чыгыштын буурул таңындай,
чымчыктын балапанындай,
чырлыйттап келип бир обон
жаңырып турат
жаңырбай.

Арзыбай туруп аныма
ак сүйүү арнабагыла,
алсаңар мейли,
а бирок,
кол менен кармабагыла!

Ой-пикирлер