Кирүү

Молдо кылыч шамыркан уулу. "зар заман"

Зар замандын казалы,
Калем алып жазалы.
Жөнү жокту жаздың деп,
Кудайым кылба жазаны.
Молдо Кылыч мен атым
Болжолу жок санатым.
Чаар китептен аз окуп,
Чала чыккан сабатым.
Санаадагы сөзүңдөн
Чыгаар сөзүм орундуу.
Жигит болсоң абайла,
Убал кылба жаныңа,
Тазалагын жолуңду,
Тарта жүргүн колуңду.
Жаман адам курусун,
Доо чыгарып бир жерден,
Милдет кылаар жумушун.
Жакшыларды карасаң,
Кылганынын доосу жок,
Сыр билгизбей тымызын.
Мен сүйлөйүн канчаны,
Казак, кыргыз барчаны.
Калайыкка эринбей,
Кетти канча далай сөз
Кара көзгө көрүнбөй.
Акындардын обону
Домбуранын үнүндөй.
Жарашыктуу зар заман
Тоту куштун жүнүндөй.
Бар келишкен боруму
Кызыл кымкап гүлүндөй,
Кандай салса жарашаар,
Калы килем түрүндөй.
Түшүп туруп күбүлүп,
Ак теректин бүрүндөй.
Көчүп турат токтобой,
Кирекечтин жүгүндөй.
Кызыкканда жакшы сөз
Кызыгышкан оюндай.
Айдап келем көп сөздү
Кербенчинин коюндай.
Тилим шыдыр, түздүгү
Зым карагай жолундай.
Баары жогу тийимдүү
Бардеңкенин огундай.
Маани билбес эсерге,
Башка тийген союлдай.
Тегеретээр көңүлүңдү
Тегирмендин огундай.
Акылы бар адамга
Тынч олтурган орундай.
Тили жүйрүк акындар
Сөзү сайдын ташындай.
Кенендигин сурасаң,
Кең Кочкордун сазындай.
Зар заманды байкасаң,
Даамы татты казыдай.
Эч болбосо ширеси
Чекендинин ашындай.
Кулагыңа жугумдуу
Көк темирдин датындай.
Асан кайгы жигиттер
Эри өлгөн катындай.
Зардабы бар боз балдар
Заяпкердин атындай.
Пейли тардын куну жок,
Бай да болсо жакырдай.
Бузулганды түзөгөн–
Жоо качырган баатырдай.
Кыйшык сөздүү жигиттер–
Кыянаты капырдай.
Кылыгы жакшы боз бала
Булу кымбат асылдай.
Зекети жок малыңыз
Эшек менен качырдай.
Ишеничтүү жигиттер
Ат байлаган акырдай.
Жигери бар азамат
Жыты жакшы атырдай.
Дөөлөтү бар адамдар
Дөбөдөгү чатырдай.
Кайырдуу болсо журтуна
Кала салган чарбактай.
Кайыры жок бай болсо,
Көрүстөндө арбактай.
Малым бар деп кубанса,
Беш намасты билбесе,
Кайыр, зекет бербесе,
Дин билбеген калмактай.
Мен сүйлөйүн канчаны–
Казак, кыргыз барчаны.
Дин мусулман: ногой, сарт
Мусулмандан таркады.
Бу замандын адатын:
Пейли, үрпүң айталы.
Пейли жаман адамдар
Өз напсине тартады.
Абайласаң, жигиттер,
Ата-энең Мекедей.
Куштап жакшы бага көр
Колуңдагы кеседей.
Сыйлашпаган бир тууган
Он да болсо, жекедей.
Көп сүйлөгөн маңгилер
Күзгү кирген текедей.
Жаман болсо катының
Ичтен жеген митедей.
Кутулууга көңлү бар
Караңгы түн кечедей.
Тил албаган балаңыз
Бел ашпаган арыктай.
Кетейин десең, айла жок,
Каралайсың, жүрөсүң
Оору баккан табыптай.
Байкасаңыз бу сөзүм–
Жалган эмес, аныктай.
Изаты бар боз балдар
Казылбаган арыктай.
Кең пейилдүү жигиттер
Сары өзөн жайыктай.
Дүнүйөкор адамдар
Жалган сөзү аныктай.
Жаман айткан суук сөз
Көңүлүңө салыктай.
Туруп калаар так болуп
Көкүрөкөө айыкпай.
Мен сүйлөйүн сиздерге
Буудай үрөн чачкандай.
Кызыса тилим чуркайды,
Кызыл буудан чапкандай.
Кызыл тилим чыдайды,
Кең казына тапкандай.
Кызыл темир үстүнө
Ура берсе чоюлбайт,
Дөшү менен барскандай.
Токтоосу жок жигиттер
Жардан коен качкандай.
Тил албаса аныгы
Тим жүргөнү шашкандай.
Бир чочутаар жаныңды

Ыйманы бар ургаачы.
Алал болот үйүндө
Аскан казан, тулгасы.
Ал өңдөнгөн катындар
Акыреттин жолдошу.
Жакшы катын белгиси
Жарык болоор кабагы.
Кичи пейил, уяттуу
Жаш баладай сыягы.
Ал өндөнгөн айымдар
Шарияттын чырагы.
Жаман катын белгиси
Ызааты жок сөзүндө.
Эрден мурун сөз айтаар,
Уяты жок жүзүндө.
Эрден коркуп көнбөгөн,
Ыйманы жок бетинде.
Ал өңдөнгөн катындар
Жети тозок отунда.
Акылы жок катындар
Аңги койгон айгырдай.
Эрки менен сүйлөйдү
Эч кишиден тайманбай.

Кыз баланын жакшысы
Күмүш, шаңшуур жамбыдай,
Качан болсо кымбатка
Адам качпай алгыдай.
Жаман болсо кыз бала
Жазгы конгон коноктой,
Үй-бүлөсүн жүдөтөөр
Мизи мокок ороктой.

Азаматтын жакшысы
Жүк көтөргөн атандай.
Жүзү жарык эр болсо,
Кайнап турган казандай.
Ыкыбалуу жакшылар
Эл көзүнө мазардай.
Пайдасы жок байларың
Малы тоодо жапандай.
Сөз билбеген жамандар
Камчы билбес кашаңдай.

Жаман айткан суук сөз
Көңүлүңдөн кетээрби?
Бөөдө каргыш адамга
Канча кылсаң жетээрби?

Акылы бар адамдар
Шариятты ойлоду.
Биз өңдөнгөн наадандар
Өз билгенин койбоду.
Арам дөөлөт байларың
Малга көзү тойбоду,
Өлгөнүнүн этин жеп,
Колу менен сойбоду.
Жакшыларды карасаң,
Адыл ою болбоду.
Адам акын жесе да,
Дүнүйөсү толбоду.
Молдолорду карасаң,
Ак селдесин үзбөдү,
Аят, адис сөздөрдү
Акыл менен болжоду.
Напси бузук кургуру
Ак тайгандай жойлоду,
Кайда өлгөн-житкенге
Барамын деп койбоду,

Тил билгилүү азамат
Дили жумшак жакшыдай.
Ар боруму түз болсо
Алтын күрсү тактыдай.
Ичиңдеги сырыңды
Акыл менен тапкыдай.
Азаматтын жаманы
Иттен бетер капкыдай.
Айткан сөзү көк чыгаар
Көңүлүңө баткыдай.
Акылы бар азамат
Зьмга тарткан күмүштөй,
Айткан сөзү ширелүү
Демдеп койгон күрүчтөй,
Консоң, сага жай болот
Кол алышкан билиштей.
Керсөң көзгө толумдуу
Көрөңгөлүү идиштей.
Боз баланын жаманы
Чатак болот кыялы.
Айткан сөзү адамга
Урушкандай сыягы.

Эси жетпес алардын
Куру кайрат жел өпкө,
Болбос ишти үйрөнөөр
Мен кыйынмын демекке,
Минген атын күлүк деп,
Бек теминип мактанаар.
Адамда жок эрсинип,
Куру бекер таптанаар.
Акылы бар азамат
Ар нерседен сактанаар.
Эси жоктун барысы
Болбос ишке капталаар.
Куру кайрат боз бала
Жасоол жыйган урушта
Ошондо болоор маскара.
Кайрат кылбас теминип,
Качалыдан башкага.
Катуу тийип качырып,
Уруштарга жарабас.
Камчы тийсе кокуйлап,
Жолдошуна карабас.
Эси жоктун баарысы
Ушундайды санабас.
Мактансаңыз мактангын,
Мына мындай иш болсо,
Өлсөң дагы качпагын.
Кача турган болгон соң,
Куру кайрат айтпаңыз.
Азаматтын акмагы
Болбос ишти болжойду,
Уруп кетээр жер келсе,
Кой десең да болбойду.
Тең келишкен жоо келсе,
Жүр десең да болбойду.
Акылы жок, жел өпкө
Өз кайратын эр көрөөр.
Бир өзүнөн башканы
Адам дебей, чөп көрөөр.
Акылы бар азамат
Кылган ишин эп көрөөр,
Эси менен иш кылса
Элдин баары эп көрөөр.

Эрегишкен душманга
Жалгыз кирген эр эмес.
Аралашып калган соң,
Качып кирген жол эмес,
Жатып калган адамды
Чаап кеткен кол эмес,
Акылы жок акмактар
Эчтекени кенебес.
Кайраты бар азамат
Элден мурун качпайды,
Канча союл тийсе да,
Акылынан шашпайды.
Эси жоктун баарысы
Мурун чырды баштайды,
Эки камчы тийгенде,
Качаар жолун саптайды,
Кайраты бар азамат
Жолдошуна кайрылаар.
Жүрөгү жок ургандар
Качып берип сайдыраар.
Мактангандын баарысы
Акмактыгы көп болоор,
Арты-кийнин ойлобой,
Элге шылдың кеп болоор.
Акылы бар азамат
Ар нерсеге бек болоор,
Канча коркок болсо да,
Сыр алдырбас кишиге.
Мактанганга көөнү жок,
Сөз батыраар ичине.
Ызаат кылып тил алаар,
Аксакалдын сөзүнө.
Жел өпкөлөр кубанаар
Балбан болсо күчүнө.
Жанагыдай иш болсо,
Жардам болбос кишиге,

Азаматтар аңдачы,
Айтканымды тыңдачы.
Билип алган акылың
Бетиңиздин пардасы,
Ызааты бар жигиттин
Жанына көп пайдасы.
Бу жалганда болбосо,
Акыретте айласы.
Ызааты бар кор болбос,
Ачуу кылган чоң болбос,
Ичи бузук жигиттин
Асты иши оң болбос.
Кудай берген ырыскы,
Канча берсе жоголбос.

Малы бардын көөнү ток,
Жарды дебей, бай дебей
Ыгы келсе, колу шок.
Шариятка тууралап,
Кудай деген пенде жок.
Бетегелүү тулаң чөп
Илгеркидей жерде жок.
Бир кишиде миң жылкы,
Издеп жүрсөң элде жок.

Адилеттүү жакшылар
Асабалуу желектей.
Саяласаң көлөкө
Жапан чыккан теректей.
Агайындын пайдасы
Сүтү мүрөк инектей.
Кебетелүү кыз бала
Тамга тарткан сүрөттөй.
Салакалуу боз бала
Сүйлөгөнү жибектей.
Берекелүү байларың
Мөмөлөгөн алчадай.
Алдуу-күчтүү азамат
Жыгач кескен балтадай.
Темгектеги жакшылар
Темир сайган арчадай.
Топ жыйында сакалдуу
Тоого чыккан арчадай.
Куну кеткен байларың
Үшүк алган арпадай.
Азаматтын ач көзү
Журтка түшкөн каргадай.
Көрүнгөндү көп карайт,
Алды-кийнин карабай.
Зар замандын санаты,
Сайраганын карачы.
Динге кубат берсин де
Дин мусулман баласы.
Алла таала кудурет
Ар түрлүү жан жаратты,

Насип салып баарысын
Жер жүзүнө таратты.
Баарысынан чоң кылып,
Пилге берди кубатты.
Жалпы журтту кубантып,
Падышага суратты.
Акын кылып бирөөгө
Арбын берди жамакты.
Пендесине буюрду
Кылыч, мылтык, жаракты,
Күнөкөргө көргөздү
Бозо менен аракты.
Билип окуп жүрсүн деп,
Берди китеп-аятты,
Жаратканын кудайдын,
Жан-жаныбар туулду,
Туулгандын баарына
Ажал өлүм угулду.
Пейли жакшы пенделер
Билип алып туюнду.
Туюнгандын баарысы
Жакшылыкка бурулду.
Жан кишинин баарысы
Жаман ишке бурулду,
Жашырса да айыбы
Элге дайын угулду.
Сөзгө жүйрүк алдамчы
Акыретте ошонун
Убадасы жалганчы.
Сөзү жалган азамат
Кылган иши булганчы.

Сергек болсо боз бала
Саяпкердин атындай,
Кең пейилдүү азамат
Бир болуштун башындай.
Асан кайгы азамат
Эри өлгөн катындай,
Пейили тар, куну жок
Бай болсо да бакырдай.
Касиеттүү молдолор
Колго алган чатырдай. ^
Бузулганды түзөгөн
Жоо качырган баатырдай.
Кычык сөздүү азамат

Кыянаттуу капырдай.
Боруму түз боз бала
Булу кымбат асылдай.
Зекети жок малыңыз
Эшек менен качырдай.
Баласы жок адамдар
Чөп чыкпаган такырдай.
Ишеничтүү азамат
Ат байлаган акырдай,
Сөзү жакшы карылар
Суйлөгөнү акындай,
Карындагы каймак май
Жыты жакшы атырдай.
Дөөлөтү бар жакшылар
Дөбөдөгү чатырдай.
Сөз байкаган азамат
Ишке жетээр кубаты.
Касиеттүү адамдын
Кабыл болоор дубасы.
Асман менен кайыган
Учаар куштун канаты.
Жүгүргөндө ачылат
Чапкан күлүк сапаты.

Таалим алган устатың
Кол тапшырган пириндей.
Касиеттүү молдолор
Стамбулдун дининдей.
Дили жумшак молдолор
Жакшы чыккан эгиндей,
Сүйлөгөнү насыят
Пайгамбардын кебиндей.
Касиеттүү молдолор
Мазары бар дөбөдөй.
Күндө жыйын эшиги
Эл бийлеген төрөдөй,
Напси бузук кургуру
Жалган айткан күбөдөй.
Кылган ишин карасаң,
Капыр болгон немедей.
Ыкыбалдуу жакшылар
Көлгө жүргөн кемедей.
Кайда болсо мал даяр
Бышып турган мөмөдөй.
Кайраты бар азамат
Кара болот өгөөдөй.
Өнөрү бар боз бала
Жакшы кайрак өгөөдөй.
Акылы бар карылар
Жаңы келген күйөөдөй.
Сабыры көп адамдар
Жүк көтөргөн төөдөй,
Көркү жакшы кыз бала
Көл боюнда кырчындай.
Булу кымбат канчалык
Ак алмаздык курчундай.
Бар келишкен боруму.
Ажы болгон адамдар
Пайгамбардын туундай.
Башындагы селдеси
Ысык-Көлдүн куундай.
Мектептеги балалар
Желедеги кулундай.
Пейли жакшы молдолор
Бетегелүү булуңдай.
Кыялы түз катындар
Кызыл жардын булуңдай.
Кызыктыгы баланын
Кыз да болсо уулдай.

Адам ата, Ово эне —
Бир-канчалык көп бала —
Экөөнөн туулду.
Дин мусулман, капырлар
Шол адамдын уругу.
Алда таала барманы,
Өкүмдүгүн жүргүзүп,
Пашааларга так берди.
Акыретти көрсөтүп,
Пайгамбарга бак берди.
Китеп сөзүн билмекке
Молдолорго кат берди.
Чечен кылды бирөөнү,
Сүйлөгөнү эп келди.
Жакшы менен жаманды
Өзү билип текшерди.
Кудурети кудаанын
Күндү көккө жүргүздү.
Айды жарты чыгарып,
Арбын кылды жылдызды.

Кара сууга сүздүрүп
Асыл кылды кундузду.
Он сегиз миң ааламды
Орду-ордуна тургузду.
Суу түбүнөн жай берип,
Жылма кылды балыкты,
Жадигерге буюрду
Дуба менен арыпты.
Караңгы түн чыгарып,
Күнгө берди жарыкты,
Азиз кылып жаратты
Олуялар шайыкты.
Узун өмүр көрсөттү
Улукман аким табыпты.
Алтымышка чыгарып
Эмдигини карытты.
Тирүү койду көргөзбөй,
Азирет Илияс кайыпты.
Денени куртка жедирди
Азирети мирсал Аюпту.
Ургаачыга пир кылды
Бүбү, Батма зайыпты,
Камкор кылды биздерге
Нурмукамбет абидди.
Кудай үчүн иш кылсаң,
Акыреттик кереги.
Тобо кылсаң, жок кылаар
Канча болсо күнөөнү.
Кудай билет жарандар
Көп жашабай өлөбү.
Тагдыр жетсе, жаныңыз
Учуп кетээр чымындай.
Денең калаар суналып
Буту-колуң жылынбай.
Тирүүлүктө көркүңүз
Ак сарайдын сырындай,
Өлгөндөн соң дүнүйө
Кереги жок кымындай.

Арбагы чоң жакшылар
Миң кишинин деминдей.
Ырыскы, насип канчалык
Кызыл алтын кениндей.
Эл-журтуна аркасы
Тоосу бийик сеңирдей,

Ага-ини пайдасы
Күлүк аттын жеминдей.
Дөөлөтү бар жакшылар
Кырчыны көп өзөндөй.
Сөзгө даана карылар
Айткан кеби меселдей.
Казыналуу молдолор
Кереметтүү эшендей.
Акылы бар азамат
Айткан кеби нускадай.
Колунда жок эр жигит
Жетишпеген кыскадай.
Акылы мол, малы жок,
Аспабы жок устадай.
Сыйлашпаган тууганың
Атасы жат башкадай.
Тил билгилүү боз бала
Жетелеген коштоодой.
Сарамжалдуу азамат
Чегип койгон почтоодой.
Кайраты бар жакшылар
Кара коргон гүл бактай,
Ынтымагы бар болсо,
Мазары бар чарбактай.
Тил алышып турган соң,
Бузулбаган каймактай.
Ынтымагы келбесе,
Бактысы жок арбактай.
Кыйып кетээр бир-бирин
Кытай, кыргыз, калмактай,
Айыл бузган азамат
Уй качырган сайгактай.
Токтоосу жок адамдар
Оюн салган тайлактай.
Сөз бербеген жөө чечен
Учуп жүргөн камгактай,
Пайдасы жок сөзүңүз
Чөп чыкпаган кайрактай.
Өзү жеке сүйлөйдү
Ала качкы жайдактай.

Буйрук болсо алладан
Биз да бир күн өлөбүз.
Жакшылык менен жамандык
Жазуубуздан көрөбүз.
Жан аманат болгон соң,
Жакшы кепти сүйлөңүз.
Жазыгы жок адамды
Эч бир жаман көрбөңүз.
Жаман айтып чагылтып,
Жанга азар бербеңиз.
Жакшы чыксаң түбөлүк
Жүрөсүңбү жалганда.
Акылыңдан пайда жок
Акыретке барганда.
Эли-журтуң не керек
Эркиң кетип калганда.
Байкасаңыз дүнүйө,
Пайгамбардан калган да.
Падыша болуп жүрсөң да,
Бир өтөсүң арманда.

Кыз баланын жакшысы
Күзгүсү бар айнектей.
Жакшы кийим жарашаар
Жашыл моюн өрдөктөй.
Карап турсаң чырайын
Таза жууган көйнөктөй.
Жетпей жүрөөр далайы
Күкүк менен зейнептей.

Дүнүйө кимде көп болсо,
Кайда болсо жыргайды.
Сарт, ногойдун баарысы
Шаар куруп, там салды.
Ойлосоңуз мына бу
Орус, кытай тууганды.
Чарбак куруи, бак тигип,
Калың терек, тал кылды.
Кызыл терек булуну
Кымбат кылып, мал кылды.
Алакандай кагазды,
Беш коконго баа кылды.
Мына бу тыйын чыкканы
Береке журттан тайылды.
Жылас болгон замана
Жылдан жылга тарылды.
Бышыксынган адамдар
Бересеге чарпылды.
Алык-салык көбөйүп,
Бей-бечара зарылды.
Шарият иши бүт калып,
Закон деген табылды.

Молдолор кылды борумду,
Башка селде коюлду.
Өлүк өлгөн жер болсо,
Орой басып чогулду.
Байкасаң, баары алууда,
Байлады шайтан жолуңду.
Кудайдын сөзү куранды,
Курандан таалим ким алды,
Алым-таалим болгон соң,
Чакырбас жерге не барды.
Китептен көрүп турабыз
Жакшылык менен жаманды,
Абайлап жүрсөң болбойбу
Аят, адис кабарды.
Молдолор курсун, акыры
Баарынын бузук мүнөзү.
Акылы жаман баарынын
Агарган менен төбөсү.
Башында туруп кор болду
Пайгамбардын селдеси.
Дилинде шайтан жолу бар
Тилинде актын келмеси.
Молдо болсоң, көңүлүн
Оорутпагын адамдын.
Динге залал келтирбе,
Текебердүү жаманды.
Карап жакшы окугун
Калет кылбай куранды.
Чакырбас жерге барбагын,
Собоп иштен калбагын.
Доорон болсо талашып,
Адиясын билбей, албагын.
Минтпей турган болгон соң,
Башыңа селде салбагын.
Баарысын бирдей кор кылып,
Колуңа теспе албагын,
Селденин билсең маанисин,
Пайгамбардын таажысы.
Жакшылап тутсаң башыңа
Ыйманыңдын дарысы.

Иштенсең китеп кагазга,
Эгиет кылгын намазга.

Өлөөрдө тобо кылам деп,
Өткөрө жолдон адашпа.
Билип айткан молдонун
Сөзүн бузуп талашпа.

Ушунча журтту сураган,
Кагылайын кудай, ай,
Кай жеринде куту бар.
Чочкону малдай айдаган,
Капырлыгы эмеспи,
Арамды билбей чайнаган.
Кудай өзү сактагын,
Динге залал болот деп,
Түбүнөн адам чочунат...

Акылы менен бачагар
Араба минди, ат чекпей.
Кош аяктуу араба
Жаңы чыкты, ат жетпей.
Кандай кылып жүргөнүн
Карап туруп, көз жетпей.
Дөңгөлөгү, ээси,
Жүрсө кетет ит жетпей.
Минип көрсө аныкы
Бутта экен тетиги.
Жүрүп кетсе, бачагар,
Аттан кыйын жетиги.
Мындай сонун нерсе жок
Кубандырат кишини.

Көрбөгөндү көрөөрбүз,
Өлбөй тирүү биз турсак.
Укпаганды угаарбыз,
Дагы жаңы сонунду
Биз эшитип тураарбыз.

Ой-пикирлер