Кирүү

Сөгүнүү-сагынуу

Сөгүнүү-сагынуу. Кыргыздар ыймандуу, адептүү өсүүнү ата-бабадан бери аздектеп келген. Мурунтан эле бирдемелерди жактыр-боодо, терс көрүнүштөрдү сезсе, "жолу болсун", "кудай жаман көрсүн", "теңирсоксун", "туура эмес кылдың", "уятболосуң", "адеби жок", "ыйманы жок", "уят эмеспи", "кудай карап турбайбы" ж.б. сөздөрдү ооздорунан араң чыгарышчу. Баба салтьтнда, эне адебин-де согунүп-сагынып турууну жек көрүүчү. Андайлардан минден бирее чыгуучу. Ал "сегөнөк-саганак" атка конуучу.
Азыркылар саламдашса да ата-энеден баштайт. Тотон, жарык дүйнөгө алып келген энени байкуш катары "баалообуз". "Ой, энең-ди урайын, качан келдиң", "энеңди урайын, бирдеме дебейсиңби?", учурашуулар, ал-жайды суроолордо, ушинтип, асыл энебизди "кол жоолук" кылуучулук ашынууда.
Биринчиден, тарбия-таалим башатынын үй-бүлөде жоктугу, ба-лага айтып, тескеп турбоочулугу.
Экинчиден, муундардын үлгүлүү жүрүш-турушу тууралуу эре-желердин так иштелип чыкпоолугу.
Үчүнчүдөн, ата-энелеринин ага-туугандарынын, эже-карындаш-тарынын антип үндөктөөгө өз дарамети жоктугу, өзүлөрү куружалак экендиги, "уяда эмнени көрсө, учканда ошону алаардыгы"...
Төртүнчүдөн, башка элдерди тууроочулук, аларда "вульгарный соз" катыштары бар, ошону кошо айтуучулук, көбүнчө уятсыздыкты

орусча түюндүрүүчүлүк. Абийири аз улан-жигиттерибиз ошондой бетижоктук өнөкөтүн кабыл алуучулугу.

Ой-пикирлер