Кирүү

"Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы"

"Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы". Кыргыздардын мал чарбасы тууралуу накылдары, макал-лакаптары арбын. Малдан алынган азык-түлүктөр-элибиздин жашоо-тиричиликтери. Малды мал табат. "Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет" -дейт. Ошол мандайга бүткөн бештүлүктү (төө, жылкы, уй, топоз, кой, эчки (кээде терт түлүк дейбиз)). Ага тее, жылкы, уй анан кой-эчки бир айтылат. Төлдөтүү, конуш которуп, жаздатуу, жайлатуу (жайлоого чыгаруу), күздөтүү, кыштатуу, кечуп-конуу, тоюттоптоо, короо-сарай даярдоо, м.а. малды асыроо оңой түйшүккө жатпайт. Демек, тапкан бирөө дейли, ал оңой, ал эми анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, дайыма мал күтүү баарынан кымбат мээнет болуп эсептелет.

Ой-пикирлер