Санга кылчылбыр салуу
Бул - эзелтен келе жаткан кыргыз-дардын кылмыштууларга карата көтөрүлгөн жазасынын бири. Ал күнөөсүн моюнуна албаса, элди көзгө илбей, өктөмдүк кылса, анын жыланач сан этине жалаң аттын туу куйругунан эшилген чылбырды боолук кылып, табылгы сап камчынын сабын бураганда чаңырып, сан этине чылбыр тура калган. Ошондо күнөөсүн моюнуна алган. Андай кечиримсиз күнөөлөргө: ар кандай уурдоочулар, улууларга акарат айтуучулар, айтканын кылбай моюн толгоочулар, элдин бей-куттынчтыгын алуучулар, жоон билектер, бузуп-жаруучулар, ынты-макты ыдыратуучулар ж.б. өңдүүлөр кирип, алардын адебин калың эл өзүлөрү эле берип кое турган.
- "Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр"
- Эки эринди катуу жумуу, мурчуюу
- Кыргыз буюмдары. Боз үй, Туш кийиз, Камчы
- Кой үстүндө боз торгой жумурткалап
- Отуруп-туруудагы жана тамак ичүүдөгү адаттар
Ой-пикирлер