Кирүү

Чач сатуу жосуну

Чач сатуу жосуну. Төтөн, мусулман өлкөлөрүнүн каада-салтында чач асыроо-ургаачылардын ыйык милдеттеринин бири. Чачын кыр-куу - ырыс-кешигин кыркуу. Зайыптар күнөөгө батса, ушинтчу. Ча­чын кыркуу аркылуу журт көзүнчө бетин кара кылуучу. Экинчиси -аялдын башына шири терини кийгизүүчү. Шири кеп улам кургаган сайын бети-башты кыскан. Зайып абдан жабыртарткан. Шуркуялар үчүн мындан ашык жаза болбогон. Азыр чач кыркуулар басымдуу. Ал - жосуну жок жоруктан да өткөнү. Эми чачын чорт кыркып сатуу-га кабыл алуучу орундар пайда болууда. Андан чач тарачтар кеп жасайт. Айрымдар өңүн өзгөртүп, хамелеон болуп көрүнүүдө. Арий­не, бул мусулман элин, анын ичинде Кыргыз Ата тукумун өзүн-өзү кордоосу экенин сезүүбүз зарыл.

Ой-пикирлер