Кирүү

Жууну-жүз чаюу

Жууну-жүз чаюу. Мунун ар кандай шарттары бар. Эгер агып жаткан сууга жуунса, эптүүолтуруп, "бысмылла" - деп, абалы оң колун сууга малат. Анан сол колун салат, самынды көбүртүп алат. Оң-сол кол менен шапшыбай, акырын жуунат.

Сууну ууртап ооз-ду чайкоодо, чайкандыны кайра аккан сууга төкпөйт. Оозуна толо ууртап, ошону кайра ооздон куюп, бетин-колун жуубайт. Оозду үч жолу чайкайт.

Мурунга суу жүгүртүп чимкирет, кыскасы, агын сууга какырбайт да, чимкирбейт. "Арыктагы сууга какырба да, түкүрбо". Бул аш куйган аякка, алдыдагы ашка түкүрүү менен ба-рабар. Чоргодон жуунабызбы, агын сууга жуунабызбы. Тишти таза алып жүрүү үчүн, порошокту, тиш щетканы пайдаланганда сый-далык зарыл. Булар күнделүк турмушта тазалыкка ото керек. Кыздар чачтарын эки же бир өрүм кылат. Албетте, абалы эжелери, энелери жардам беришет. Тыкан өрүлгөн чачка жибек тасма укмуштай жарашык берет.

Ой-пикирлер