Аза күтүүдө айрым ишараттар
Аза күтүүдө айрым ишараттар. Аза күтүү - маркумдун баа жеткис зыйнаты. Арийне, ар ким кандай урматтайт, кандай кылып узатат. Ал шартына жараша болот. Ала-Тоодой эт тартуу, Ала-Келдей чык кылуу менен ала-шала жеп-ичиш учун баруу - маркум-ду урматтоо эмес. Мында мусулмандар аны түбөлүктүү жайына уза-тууда эң эле жөнөкөй ишараттарды жасоосу парз.
Биринчиден, маркумга езубузду таза тутуп, таза жуунуп-тара-нып, ал куну арак-шарак ичпей, оозубуз буруксубай баруубуз - аны урматтоо;
Экинчиден, эркектер баш кийимди ал күнү сэзсүз кийуубуз керек. Кыз-келиндердин жоолуксуз, тубунен кыркылып, кой баштанып, шымчан, жеңи жок көйнөкчөн, жоон санчан турушу ете уят. Жоолук-ту чануу - ургаачылыкты чануу, эне адебин чануу. Илгери маркумдун күйүтүн кошо тартуучулар баш кийимди баса кийип, жоолукту чүмкөнө салынчу. Күндөгүдөй көрүнбөй аза күтүүнүн, каза жутуу-нун, күйүтүн тартуунун белгисин берүүсү.
Үчүнчүдөн, колду алдыга алып турушубуз керек. Кебунче эки колду артка алабыз. Ал - керсейуунун белгиси. "Өзүмө-өзүм тең-мин" - дешти билдирип коет. Маркумду ызаттооңуз келсе, ошол учурда бири-бири менен эбиреп-жебиреп, бироолер тууралуу акка-рат айтпоо, бардык ой-пикир маркумдун айланасында болуусу тийиш. Илгеркилер аза күтүүнүн белгиси эки колду жең ичинен алып, томсоруп, тунжурап отурушчу.
"Күлкү менен уйкуга ар жок" - дейбиз. Ырсалактап каткырып, бир топторду ездерунче шарактап отуруу - олдоксондук, кополдук. Маркумдун жакындарына жан тартып, аны менен азаны, кайгыны тең бел үшүүбүз - адамкерчилик.
Төртүнчүдөн, карыялар мүмкүн катар шарият айтып, өзүн адептүү кармап, жаштарды ошого үндөктөп, маркумдун зыйнаты-на байланыштуу накыл-акыл сөздөрүн, асыл ойлорун нускалап отуруулары керек. Качанкы бир үлгүсүз жоруктарын баштап, аны арак-шарапка, жаштыкка-мастыкка тогоштуруп, кичүүлөргө өнөр катары жомоктоп турушуна маашыр алуучулар өлүк үстүндө бол-боолору тийиш.
Бешинчиден, төтөн, молдо-имамдарга өтө эскертүү,"оозун төө тепкенсип", маркумду коюуга байланыштуу бир сез айтпай отуруп эле, сөөктү алып чыккандан соң жаназада жер чечегин безеп, кепке турушу - жорук эместир...
Алтынчыдан, бир жакка куран окууга, бата кылууга баратканда так ушундай адепти сактообуз зарыл. Бул жеке диндик эжелер эле эмес, адамдык касиет болуп эсептелет.