Кирүү

Дос, тамыр адаты

Кыргызда достошуу, тамырлашуу адаты эң кеңи-ри орун алган. Эки киши достошкондо бироо экинчи-син үйүнө чакырып барып коюн союп, ат мингизип антташат. Аксак сары атты ортого коюшат (эки дос-тун ортодогу антынын аты аксак сары ат болот). Сары түс кыргыз заңытында эң жаман белги болуп, анттан тайган дос сарыга кабылат деп ишенет. Дос болушкан эки адам, "дос деген кудаанын аты" деп достошот. Достор өлгөндөрүнө аса, туулган балдарына жентекте-шип турушат, жакшылык, жамандыктарына кошум-чалашып карашып турушат. Зайыптарын аяш деп, балдары аяш ата, аяш эне деп айтышат. "Достун түбү доо, миң достон бир соок артык" деп эки дос акыры кудалашып да кетишет.

"Досанданы ант урат, куданданы бата урат" деп айтылган каккан казыктай эң таасирлүү сөздөр бар.

Ой-пикирлер