Кирүү

Жандыктын жилигин бөлүп тартуу

Жандыктын жилигин бөлүп тартуу. Кыргыздардын дасторко-ну мал союп, табак тартуудан ботончо айырмаланат. Бирок келген конокко жандык союу, жарпын жазып коноктоо - биздин элге гана таандык касиет. Ар бир жиликти бузуу, устукандоонун бабалардан келе жаткан салттуу жол-жоболору бар. Кандай болсо да, табакка түшкон жандыктын устуканын экиге тең болүүчү эмес. Бир табакта он адам отурса да, устукан бүтүн келет да, аны улуулата алып, ошо­ну отургандар болүп жешчү. Айрым аймакта аш-тойлордо, тулоолордо ж.б. тамак берүүдо, антип жиликти, далыны, жамбашты чаап, этин эки тарапка чыгарып коюу, кийинки чактары пайда болгону корүнот. Ыйык жилик - каржилик. Анда чучук да жок. Бул башка элдердин таасири, таалими...

Эгер тээ бабалардан бери келе жаткан Рухий байлыктардан баш тартып, чет-жакалардын бизге серт, сылаңкороз сырткы келбети жана ички дүйносүно дүүлүгүп, оз элинин мүнозүн, жүрүш-турушун, үрп-адатын, каада-салтын, тилин, билимин, дилин, онорүн, тамак-ашын, ошондой эле таң-тамашаларын, оюн-зоокторун отоп-бутап жиберсе, түбүнон зилдеген чынар теректей болоору бышык. Абалы анын жал-бырактары күбүлот, чүрүшот, соолуйт. Андан соң эч ким бүрдото, когорте албайт. Шыпаа болуучу айла табылбайт. Ал - бир жоголсо, табылбас курч бычактын алтын сабы. Азыр оомолуу-токмолүү дүйнодо улуттук доөлотторүбүздүн аянычтуу тагдыры мурун болуп көрбөгөндөй айлана-чөйрөдөн баамдалып, замана тарып барат... Бул Кыргыз Атанын ар намысына, канына, андан ары жашоо-тиричилиги-не камчы ойнотууга барабар.

Ой-пикирлер