Кирүү

Күч күйөө

Күч күйөө. Кыргыздарда күйөө аттуулар үчкө бөлүнөт: аялдын күйөөсү - эри, журт күйөе, күйөө бала, күч күйөө.Т.а. күч күйөе кай­ын журтун маанектеген күйөө. Анын антип калуусуна, мүмкүн, бир топ себептер бар:
Биринчиден, куу турмуштун ич-ара шарттарына, жашоо ыңгай-ларына барып тогошот;
Экинчиден, аялына байланышат. Ал күйөө тараптын эли-журту менен мамилеси анча эмес. "Ортодо балдар бар", "Келсең кел, кетсең кет, эрк өзүндө" - деген сөздөргө ж.б.ларга байкуш күйөө чырмалышат;
Үчүнчүдөн, күйөөнү жакын, илик алар тууган-уругу жоктугу. Ошондой эле белек өскөндүгү, "Башка өскөндүн боору таш, ташка өскөндүн туягы катуу" болгондугу;
Төртүнчүдөн, тууган-уруктар менен таарынуулар. Адатта, ан-дай шарттарда башка тарапка илик-жарма издеп кече качуусу;
Бешинчиден, ал күч күйөөнүн эң негизги кемчилиги, эл кара-ган бетинин жер карашы - анын намысынын жоктугу, эркинин бош-тугу, даяр жашоого алдангандыгы. Күч күйөөнү илгеркилер "күчүк күйөө" дечү. Бул: "Бала менен күчүк тойгон жерде" - дегенден калса керек. Күч күйөөнүн ата санжырасы, тукум санжырасы унут-та калат. Кайын журту "күч күйөөбүз" дешет. Ал баардык тарабы-нан басынгансып барат. Кыргыздын ата салтында күч күйөөнү өтө эрөөн-терөөн көрүшкөн.
Күйөөнүн бактысы өз жеринде, түбөлүк жары, өз үйү, өлөң төшөгү, анан жакшы жигит аты болушу зарыл.

Ой-пикирлер