Кирүү

Ой жүгүртүү торчосун кантип колдонуу керек

Ишмердик кадамдары. Ой жүгүртүүдөгү биринчи баскыч – бул окуяны жөн гана эскерүү. Эскерилген окуяны катышуучулар дароо эле ишмердик кадамдары (окуучулардын аткарган ишмердигинин жол-жоболору) боюнча кыска, так баяндап жаза баштаганы жакшы. Алар убакыт, өз ара катышуу, моделдер ж. у. с. нерселер боюнча байкоолорду белгилесе болот.

Ишмердиктин убактысы боюнча сезим-туюмдар. Бул мамыча катышуучуларга ишмердиктин ар бир баскычындагы өздөрүнүн туюмдарын (эмоциялык жообун) айтуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул маанилүү, себеби бир нерсеге карата биздин сезимдик мамилебиз абдан күчтүү болсо, аны талдоо кыйын. Биринчи кезекте биз өзүбүздүн сезимдерибиздин таасиринен бошонуубуз керек.

Ишмердиктин максаты. Ишмердиктин түрлөрү көп, алардын ар бири окуп-үйрөнүүнүн конкреттүү максатына жетишүү үчүн пайдаланылышы керек. Мисалы, биздин жагдайда ишмердик максаты Колбдун окуп үйрөнүү-окутуу түрмөгүнүн компоненттерин аныктоо болуп саналат.

Экинчи максат – сабак планынын окуп үйрөнүү-окутуу түрмөгүнүн компоненттерине дал келишин талдоо. Окутуучунун ролу – бул мамычага катышуучулар тренердин (мугалимдин) ролу жөнүндө өздөрүнүн сезимдерин, кесиптик максаттарында басым жасоого тийиш болгон роль жөнүндөгү ойлорун жазышат.

Ой-пикирлер