Кирүү

Короо

Короо - 1) жашына, эркек-ургаачысына жана породасына жараша бөлүнгөн кой тобу. Бир короодо болжол менен 600-700 уяң же чала уяң жүндүү токту, 300-400 борук, 700-800 кылчык же чала кылчык жүндүү соолук, 800-900 токту, 400-500 борук, 200 кочкор же козу кочкор, 900-1000 ирик же этке төгүлүүчү соолук болот. 2) Мал киргизүү үчүн тосулган үстү ачык жай. Атайын долбоор менен малдын жашына, эркек-ургаачысына жана башка ылайык салынат.

Короо-жай жери

Короо-жай жери - айыл чарбасында эмгектенгендерге (колхозчу, совхоз жана башка айыл чарба ишканаларынын жумушчу, кызматчыларына), айыл жеринде жашаган мугалим, врач жана башка адистерге өздүк көмөк чарба жүргүзүү үчүн берилген жер. Колхоз уставына ылайык жана мыйзамда белгиленген тартипте берилет.

Короо-жайлык жер фонду

Короо-жайлык жер фонду - колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканалары пайдаланган жердин бир бөлүгү. Колхозчу, совхоздун жумушчуларына, айыл чарба адистерине, айыл жеринде иштеген кызматчы жана башка жарандарга короо-жай жери катары берилет. Короо-жайлык жер фондунун короо-жай жерине бөлүнө элек бөлүгү коомдук жер катары пайдаланылат. Короо-жайлык жер фонду жетишпеген учурда коомдук пайдалануудагы жердин эсебинен мыйзамда белгиленген тартипте көбөйтүлүшү мүмкүн.

Короо-сарай желдетүү

Короо-сарай желдетүү - мал сарайдын ичиндеги абаны толугу менен же жарым жартылай сырткы абага алмаштыруу. Короо-сарай желдетүү аба чөйрөсүнүн малга жагымдуу шарты (абанын тазалыгы, нымдуулугу, температурасы) түзүлүп, буунун нымга айланып, тамдын бооруна чогулушуна жол берилбей, бузулуудан сакталат. Сарайда аба тез муздабагандай жана мал шамалга урунду болбогондой желдетилүүгө тийиш. Короо-сарай желдетүү үчүн керектүү абанын көлөмү андагы суу буусунун (нымдуу, суук жерде) же көмүр кычкыл газынын (кургак, жылуу жерде) өлчөмүнө жараша эсептелет. Короо-сарай желдетүү өзүнөн өзү желдөө, механикалык жана аралаш ыкмада желдетүү болуп айырмаланат.

Өзүнөн өзү желдөөдө сырткы жана ички абанын салыштырма салмагынын айырмачылыгынан жана шамал, желдин таасиринен аба алмашат. Мында короо-сарай түтүксүз же түтүк аркылуу желдетилет. Түтүксүз желдетүүдө аба эшик, терезе же атайын тешик аркылуу алмашат. Мындай желдетүү түштүк райондордо жылдын бардык маалында, башка жерлерде жазында, жайында колдонулат. Короо-сарайды терезе аркылуу желдетүүдө малга суук тийбес үчүн аба жогортон кирип, текши таралышы маанилүү. Бул үчүн терезе эки кабат жасалып, сырткы кабаты төмөн жагынан, ичкиси - жогору жагынан ачылат.

Кээде желдетүү тешиги борпоң материал (саман жана башка) менен тосулуп же бир нече кат марли тартылып, жылуу мезгилде алынып ташталат. Түтүк (тик, туура, бир же көп түтүк) менен желдетүү уйкана, чочкоканада колдонулат. Сордурма түтүк, аба чыгуучу канал жана абанын киришин жөндөөчү клапандан турат. Түтүктүн жоондугу желдетүү үчүн керектүү абанын көлөмүнө жараша алынат. Короо-сарайды мех. жол менен желдетүүдө автоматтык жөндөө аркылуу абанын белгилүү нымдуулугун, температурасын кармоого болот.

Механикалык жол менен короо-сарай желдетүү системасы электр кыймылдаткычы бар желдеткичтен (вентилятордон), аба кирүүчү же чыгуучу түтүктөрдөн, кээде аба жылыткычтан турат. Аба жылыткычтын от жакма, буу жана электр тогу аркылуу жылытуучу түрлөрү колдонулат. Короо-сарайды аралаш ыкмада желдетүүдө өзүнөн өзү желдөө менен мех. ыкмада желдетүү айкалыш колдонулат. Короо-сарай желдетүүнүн өркүндөтүлгөн системасы - кондиционердин жардамы менен абанын туруктуу тазалыгын нымдуулугун, температурасын сактап туруу. Мында аба жылытылып же муздатылып, нымдалып же кургатылып, чыпкадан өткөрүлүп, озондоштурулуп, иондоштурулуп, дезинфекцияланып, дезодорацияланып турат. Короо-сарай толук же жарым-жартылай желдетүү иштери автоматтык түрдө жөнгө салынат.

Ой-пикирлер