Кирүү

Адаптация жалпысынан

Адаптация — организмдердин, алардын органдарынын түзүлүшү менен кызматынын жашоо шартына ыңгайланышы. Адаптация жашоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организмдин тирүү калышын камсыз кылат. Адаптация тукум куугучтуктун чегинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун жана мутациянын натыйжасында ишке ашат. Адаптацияда организмдин клеткалары менен ткандарынын кээ бир тиричилик аракеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт.

Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өнүп-өсүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында аларда адаптация пайда болот. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн органдары менен клеткаларынын түзүлүшүндө жана иштешинде жашоо шартка ылайык өзгөчөлүктөр дайыма кездешет. Мисалы, адаптациянын натыйжасында жарганаттын алдыңкы буттары учууга, момолойдун алдыңкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, тыйын чычкандардын дене түзүлүшү, колубуттары даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган.

Көк чаардын денеси узун, териси жылма, сууда тез сүзүүгө жөндөмдүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү ачык түстө болуп, канаттуулар менен чымын-чиркейди өзүнө тартып, алар аркылуу чаңдашууга ыңгайланган. Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясы ачылгандан адаптация организмге эзелтен бери эле таандык эмес, органикалык эволюциянын үч факторунун — өзгөргүчтүк, тукум куугучтук жана табигый тандалуунун (ошондой эле жасалма, башкача айтканда киши жасаган тандоонун) натыйжасында пайда болгон жана өнүккөң процесс катары каралат.

Ой-пикирлер