Кирүү

"Конокко аш кой, эки колун бош кой"

"Конокко аш кой, эки колун бош кой". Тээ түпкү ата-бабалардан бери мейманды сыйлоону бийик туткан кутмандуу эл, аларды урматтоодон эч бир тап жылдырган эмес. Кыргызда конокту "кудайдын эркеси" катары сезишет. Мисалы, алдыга эт тартылды дейли, ардактуу устукан ага сунулат. Андан сырткары кыртыштуу тиги-бул эттерден улам алдына коюп, ал кыя кесип алдыртан жегизүүбүзтийиш. Ал эч качан кысынбашы керек. Максатыбыз конокту тойгузуу, айрым элдердей "алың-алың", "жең-жең" деп, шаштырып, демитип туруу мейманды сыйлоонун тартиби-таалими эмес. Эң негизгиси, коноктон мурун колду аарчып чыга бербейбиз, аны аябай тойгузуу үчүн, табакка кошо кол салып, алдыртан сүрөп олтуруубуз керек. Мунун дагы тушүнүгү: "Конок койдон жоош, май берсе жей берет", - деп коебуз.

Ой-пикирлер