Кирүү

Кыргыздын каада-салттары. Аш жана ашты берүүдөгү салттар

Аш жана ашты берүүдөгү салттар
Манас, Коңурбайларды тапкан мен озум" деп жана оз бетиндеги бийлер, баатырлардын аттарын атап, "бардыгын мен тапкамын" деп айтып, абдан эңкейип туруп төөнү чечип алып, кымкапты кийип алып басып кетет.
Эр сайыш — эки даңктуу урууга сайыш берилет. Эки уруу дярдап келген эки баатырын ат, кийимдерин, соот, чопкуттарын шайдоот кылышат. Катырып даяр кылган жыгач найзалар да даяр болунат. Баатырларга бетке, моюнга сайышууга уруксат кылынбайт. Чоң баатырларга, такоол, жолдош кылып экиден торт баатыр чыгарылат. Баатырларды уруунун аксакалдары коштоп чыгып беттештирет. Баатырлар ыраактан качырышат. Бир канча найзалар кыйрап сы нат, акыры бирөө сайып аттан түшүрөт. Сайган баатырды коштоп "ураан чакырып" алып келинет. Кай убактарда сайылган баатыр өлүп да калат. Өлгөн баатырга кун болбойт. Баатырлардын байгелери тоо баштаган бир тогуз жылкы болот. Жамбы атыш — жамбы 5 кадак күмүш болот. Эң бийик кылынып шыргый орнотулуп, башына чоң кулактуу жамбыны бекитип байлап коюлат. Каалаган кишилердин бардыгы мылтыктарын октошуп, ыраактан чаап келип жамбыны атып өтүшүп турушат. Жамбыны ким атып түшүрсө ошол алат. Жамбы атып түшүрүлбөй калса ээсине калат.

Ат чабуу — чоң аштарга тогуздан киши кул, күң, миңден жылкы, миңден кой, жүздөн жамбы ат байгеге коюлат. Аттардын куйруктары, көкүлдөрү түйүлүп, ат чапкан балдардын баштары кызыл жоолуктар менен буулуп, кызылдан кийгизип, аттарды ортого салып арыбери чубатылат. Сынчылар аттарды сынап: "балан ат чыгат" деп айтат. Аттарды колуна туу алган бир канча кишилер айдап кетишет. Коно айдаган убактар да болот. Балдардын башындагы жоолук, кийимдерин аш берген кийгизет. Эң четке кеткен сүрөөчүлөр "учтан сүрөөчүлөр" деп айтылат. Сүрөөчүлөр ар жерден күтүп турушат. Бабедин, аксарыбашылдарды чуркурап айтып турушат. Атабабанын арбагына сыйынып, толголор тартылат.

Ат айдагандар аттарды белгиленген жерге барганда токтотуп туруп: "Омийин, жолунар болсун!" деп айтып кое берилет. Сүрөөнчүлөр оз ураандарын чакырып сурошот, аттын барып токтоочу жерине туу сайып коюлат, аны "Сооро" деп айтылат. Аттарды уруу, уруу болуп, баталашып сурошот. Соородо аттарды тактап санап откоргон кишини "даекчи" деп айтылат. Даекчи чыккан жана андан кийинки аттардан тиешелүү даекти алат. Байге коого киргизилет. Чыккан атка коо бузган күлүк деп наам берилет.

Кай бир убактарда аттар ачык чыкпастан талаш кирип чоң чатактар болгон. Жолдон ат кошуу да чатактары болгон. Кайсы бир аштарда аттар да, балдар да олгон убактар болот. Аттын байгелерин уруунун аксакалдары болот. Соогатчылар соогаттап алышат, ырчылар ырдап, мактап алышат. Кайсы бир убактарда кедейдин аты чыгып байыган учурлар да болгон.

Ат чабылгандан кийин аш тарайт. Өлгөндүн балдары, туугандары, куда, достору, бир уруу бүт бойдон тулга өкүрүп дүңгүрөп түшүп, тууну жыгып, жыгачын отко жагат. Тулду жагып, катындын карасын алат. Аса күткөндөрдүн да чачтары, тырмактары алынып, кирлери жуулуп коюлат. Мындан кийин куда, достор өлгөндүн зайып, балдарын чакырып, баштарына ак жоолуктар салып, кийимдер кийгизип, аттар мингизет. Өлгөндүн үйбүлөлөрү кадимкидей эл аралап оокаттарына киришет.

Эрге тийүү — өлгөндүн тул зайыптары аш берилгенден бир жыл откондон кийин эрге тийүүгө акылуу. Өлгөндүн белгилүү бир туушканы же ага, ининин балдары алат, башкага берилбейт. Жакындан алары болбогондо зайып төркүнүнө берилет. Төркүнү эрге берет.

Зайыпка да аш берилет. Чоң бий, байлардын зайыптарына чоң аштар берилет, бирок эркектердикиндей даңктуу боло албайт. Зайыптарга жыртыштар, ийне, жиптери берилет.
Карыган абышкаларга да өлүм үстүндө жыртыш берилет.

Уруу намысы — кыргызда уруу намысы эң бир нык коюлган. Мисалы: уруудан бир кишинин создон сынышы, кор болушу, абийир табышы, намыс алышы, намыс кетиши урууга тиешелүү болгон. Бир уруудан бир кишинин акысы башка урууга кетсе, же башка уруу уруп койсо, же олтурсо андай иштерди бүтүн уруу башына туруп доолашкан. Бир киши ууру кылса, эр өлтүрсө айып менен кунду бүтүн уруу толоп куткарган.

Аш жана ашты берүүдөгү салттар

Ой-пикирлер