Кирүү

Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт

"Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт".Ооба, камыштуу жайда коендун жан сактоосу татаап, башка айбанаттарга жем болушу бышык. Жашоосуна шарты жок. Талаа коендоруна адыр белестүү, күнөстүү, ийиндүү, жардуу жерлер оңтойлошкон... Эл ичинде жургондо эр-азаматтар жеке езу эле эмес, журтунун ар-намысын ала жүрөт. Баланчанын эли жармач жашайт. Байлары букараларына, кедейлерине, кембагалдарына чыктатырбайт, саан-мингич бербейт. Эли ач-жылаңач отурат, тентип кетти сымал ушак айындар элдеги чыгаан азаматтардын жүрөгүн аралап өтүүчү. Өз көмөчүнө күл тарткан жигиттер журт үчүн эчтеке ойлобогондор, ар-намысы жоктор. Азыркы кырдаал уят-сыйытты жыйнаштырып таштап, өзүмчулүк тарапка ооп баратат. Мен түшүнгөн макалдын маани-жайы ушундай...

Ой-пикирлер



2020-12-03
Алмаз
Сонун экен