Кирүү

Отуруп-туруудагы жана тамак ичүүдөгү адаттар

Кыргыздар конокко кой соердо жетелеп кыбыланы каратып, конокторго бата кылдырып, мууздайт. Мал сое албаган жигит эт туурай албаган, бычаксыз, камчысыз жигиттерди жаман көрушкөн.
Этти казанга салып, абдан бышырып чыгарганда уй ээсине куйруктан кесилип ооз тийгизилет. Шыйрак, бөйрөктөрдү эшиктен кирген балдар алат. Этти табактарга болуп салып, аксакалдап тартылат. Куйрук, куймулчак, жамбаш аксакал табактарга салынып, эң аксакалга тартылат. Бир жамбаш менен баш экинчи аксакалга тартылат. Жото жилик учунчу аксакалга, далы, кары жилик андан кийин тартылат. Өпкө, боор, жумур, ичеги, карындар, моюн, күңжилик конокко тартылбайт. Боор тез бышат, аны бышары менен кесип туздап конокторго кыдырата сунат. Конокко эт тартарда бир киши колуна чылапчын, кумганын алып коноктордун колдоруна суу куюп, суужоолук берет. Колдорун жууп болгондо "бай бол, тилегине жет" деп ж. б. алкыштар айтат. Дасторкондор салынып, этти тартат. Коноктор колдорун салып, устукандарды аксакалдашып алышат. Коноктор устукан ды бир аз мулжуп эле томондо табак тартылбай отурган, от жаккан кызматчылар же келин, кыз, балдарга берет. Баштын кулактары да балдарга берилет.
Эт тууралып, чык куюп аралаштырып даяр болгондо аксакал баштап алат, томен отургандарга коноктор берип ашатат. Табакка туп калтырып, аны келин, кыздар жейт, кол аарчылып сорпо ичилет. Эң томен жактагы бир киши, же үй ээси, же анын балдарынан бироо ордунан тура калып оомийин айтып эки колун жайып бата кылып, андан кийин колго суу куюлат,
Эшикке чыгарда томен отурган жаштар жол бошотуп мурун чыгып, артында аксакалдар чыгат.
Кыргыздар кандай киши болбосун үйгө кирген кишиге даам бербей чыгарбайт. Жайдын күндөрүндө эшикке атчан келгендерге үйдөн алып чыгып суусун берет.
Аш-тойлордо жылкынын учасын ар бир уруктан келген аксакал, кеп жашаган абышкалардын эң аксакалына тартылган, мейли кандай болбосун, анысына каралбаган. Айылдагы үйлөргө да мүчө жиберилген.

Ой-пикирлер