Кирүү

Кочубаев Тойчу Тагаевич

Кочубаев Тойчу Тагаевич (1922, Ош областы, Араван району, Чек-Абад кыштагы - 1981, ошол жерде) - айыл чарба өндүрүш ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты (1958). 1944-жылдан ССКП мүчөсү. Ош областынын Араван районундагы Жданов атындагы колхоздун төрагасы (1951-1973). Ал башкарган колхоз областта алдыңкы чарбалардын бири болуп, 1200 гектар пахтанын ар гектарынан 36 центнерден түшүм жыйнап алган. 7-беш жылдыкта мамлекетке пландан ашык 4708 тонна пахта сатылган.

Ошол эле мезгилде эт сатуу 107; сүт 106 жана жүн 100 пайызга аткарылган. 1974-жылдан "Жаңы-Жол" колхозунун төрагасы, 1979-жылдан колхоздор аралык тоют өндүрүү бирикмесинин директору болуп иштеген. 1966-1974-жылдары ССРБ ЖСинин, 1963- 1967-жылдары Кыргыз ССР ЖСинин депутаты. Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.

Ой-пикирлер