Кирүү

Керек-жарак кооперациясы

Керек-жарак кооперациясы - ССРБ де айыл-кыштактарда соода жүргүзүүнү, эмгекчилерди турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү жана башка ишке ашыруучу кооперациялык уюмдардын системасы болгон. Ал керектүү товар чыгаруу, сатып алуу жана сатуу үчүн керектөөчүлөрдү бириктирет. Алгачкы керек-жарак кооперациясы 1769-жылы Улуу Британияда пайда болгон. Россияда XIX кылымдын 60-жылдарында уюшула баштаган. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында керек-жарак кооперациясы жүгүртүүдөн жеке менчик капиталды сүрүп чыгарууда, советтик соода аппаратын түзүүдө жана В. И. Лениндин кооперация планын ишке ашырууда чоң роль ойноду.

ССРБ нин керек-жарак кооперациясы ССРБ нин азык-түлүк программасын аткаруу, эл керектөөчү товарларды көп чыгаруу жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны орундоого, айыл-кыштактарды социалдык-маданий жактан кайра курууга көмөк берген. 1986-жылы 1-январда керек-жарак кооперациясынын 4 миллион мүчөсү, 4661 керек-жарак коому, 2281 райондук керек-жарак коому, коомдун 87 райондук союзу, 165 областтык, край, аймак жана республикалык (АССР) союзу, 15 республикалык (союздук республикалардын) союзу болгон.

Керек-жарак кооперациясынын жогорку органы - ССРБ керек-жарак коомунун борбордук союзу; жетекчи органы - ССРБ керек-жарак кооперациясынын съезди. 1986-жылдын башында керек-жарак кооперациясынын 375,8 миң чекене соода ишканалары иштеген. 1985-жылы керек-жарак кооперациясынын чекене товар жүгүртүүсү 90,4 миллиард сомду түзүп, 1984-жылдагыдан 3,4 пайызга (салыштырма баада) көбөйгөн. Бул өлкөдөгү чекене сооданын 1/з ин түзөт.

Керек-жарак кооперациясы 1985-жылы айыл чарба азык-түлүгү менен сырьёнун 60 тан ашуун түрүн сатып алган, 1238 миллион сомдук негизги фондуларды ишке киргизип, 1284 миллион сом капиталдык салым жумшаган. Октябрь революциясына чейин Кыргызстанда керек-жарак кооперациясы болгон эмес. Алгачкы керек-жарак коомунун райондук союзу 1920-жылы Пишпек уездинде уюшулган. 1921-жылы Кыргызстанда 25 керек-жарак коому иштеген.

1926-жылы республикада керек-жарак кооперациясынын бирдиктүү борбордук- Кыргызстан керек-жарак союзу уюшулган. Азыр Кыргызстанда 4 областтык, 7 райондук керек-жарак союзу, 80 керек-жарак коому иштейт; пайшиктеринин жалпы саны-1060 миң адам. Республиканын керек-жарак кооперациясы 2661 миң адамды (Кыргызстандын калкынын 64,8%) тейлейт жана республикада товар жүгүртүүнүн 48% ын түзөт.

Ой-пикирлер