Кирүү

Дем алуу

Дем алуу - өсүмдүк жана айбанат организминде органикалык заттардын кычкылдануусунун физиологиялык процесси. Дем алуу төмөндөгү химиялык жөнөкөй формула менен туюнтулат: С6Н12О6+6О2=6СО2+6Н2О+ 2875 кДж. Бул глюкозанын грамм-молекуласы толук кычкылданганда 674 ккал энергия бөлүнүп чыгат. Өсүмдүк дем алуусу. Дем алуу өсүмдүктүн бардык тирүү органдары, клеткалары жана ткандарына мүнөздүү. Алардын тиричилиги бөлүп чыгарган көмүр кычкылы менен жуткан кычкылтектин санынан билинет. Өсүмдүктүн жаш өсүп жаткан органдары менен ткандары тынымсыз дем алышат. Сабак менен тамырга караганда жалбырак көбүрөөк дем алат.

Көлөкөдө өскөн өсүмдүк жарыкчыл өсүмдүктөн азыраак, тоодогу өсүмдүк түзөңдөгү өсүмдүктөн көбүрөөк дем алат. Өсүмдүктүн органдарынын өсүү процессинде дем алуунун өзгөрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кургак дан өтө начар дем алат, ал эми дан көөп, андан ары өнгөн кезде дем алуусу 100, 1000 эсе күчөйт. Бул жаш, жаңы ткандардын пайда болушуна байланыштуу. Өсүмдүктүн өсүүсү токтогондо дем алуу да басаңдай баштайт. Ургаал дем алуу урук бышканда токтолот.

Айбанат дем алуусу

Бир клеткалуу жана кээ бир көп клеткалуу жаныбарлар (мисалы, жалпак жана жумуру курттар) бүт денеси менен, ал эми татаал түзүлүштөгү жаныбарлар атайын органдары аркылуу дем алат. Омурткалуу жаныбарлардын дем алуусу 3 этапка бөлүнөт: тышкы, кан аркылуу жана ички дем алуу. Сырткы дем алуу -сырткы чөйрө менен кандын ортосундагы газ алмашуу процесси. Буга сүт эмүүчү айбанат менен куштун өпкө, ал эми балыктын бакалоор аркылуу дем алуусу кирет.

Кан аркылуу дем алуу - бул кычкылтектин дем алуу органдарынан башка бардык органдар менен ткандарга өтүшү жана көмүр кислотасын сыртка чыгарышы. Бул кандын дем алуу функциясы деп аталат. Ички (ткандык) дем алуу - кан менен дене ткандарынын ортосундагы газ алмашуу. Мындай дем алуу кан айланган кезде капиллярларда болуп, кычкылтектин бир аз бөлүгү кандан тканга, ал эми көмүр кычкылы ткандан канга өтөт. Дем алууда аба толук бойдон өпкөгө барбай, жутулган абанын кээси ооз, мурун көңдөйлөрүндө, коко менен кекиртекте калып, газ алмашуу процессине катышпайт.

Малдын (мисалы, жылкы, уй) чоңу минутасына жөн турган кезде 4-6 литр, орточосу 0,3-0,5 литр , кичинеси 0,1-0,5 литр аба жутат. Бул дем алуу абасы деп аталат. Жөн турган уй минутасына 12-25, кой менен эчки 16-30, чочко 15-20, жылкы 8-16, төө 5-12, бугу 8-16, коён 50-60 жолу дем алат. Жаш мал чоңдоруна караганда тез-тез дем алат. Бооз кезинде, температура жогорулаганда, иш мезгилинде малдын дем алуусу тездейт. Ургаачы мал эркегине караганда тез-тез дем алат. Жаныбарлардын дем алуусу дем алуу процессине катышуучу көкүрөк клетка менен булчуңдары дартка чалдыкканда, өпкө, коко жана кекиртекке суук тийгенде, анемия жана башка болгондо бузулат.

Ой-пикирлер