Кирүү

Данчы үкүчөлөр

Данчы үкүчөлөр - шайтан көпөлөктөр тукумундагы зыянкеч көпөлөктөр. Аларга кадимки данчы үкүчөлөр жана боз данчы үкүчөлөр кирет. Кадимки данчы үкүчөлөрдүн канаты күрөң, арткысы агыш, узундугу 40-42 миллиметр. Боз данчы үкүчөлөрдүн канатында тагы, узун темгили бар. Данчы үкүчөлөр Европа, Азияда, мурунку ССРБ нин Европа бөлүгүндө кездешет.

Буудай, кара буудай, жүгөрү данына зыян келтирет. Данчы үкүчөлөр жылына бир жолу тукумдайт. Көпөлөгү жумурткасын буудайдын мөмөлүк, гүл жана машак кабыгына таштайт, 8-14 күндөн кийин андан малактар чыгат. Малактар топуракта кыштап, жазында куурчакчага айланып, андан көпөлөктөр чыгат. Малагы дандын ичин оюп жейт. Эгин жыйналгандан кийин жерге түшкөн дан, жаңы өсүп чыккан буудай жана жапайы өсүмдүктөрдүн жалбырагы менен азыктанат. Данчы үкүчөлөргө жаргак жана кош канаттуулардын 20дан ашык түрү мителик кылат. Каршы күрөшүү чаралары: эгинди маалында жыйноо, жерди эрте жазда айдоо, хлорофос, метафос жана башка инсектициддерди чачуу.

Ой-пикирлер