Кирүү

Чөгөлөтүү

Чөгөлөтүү. Бул - күнөөгө батуунун бир түрү. Айыпка жыгып, өчтү чегерип алуу, элдик жазалоонун мерчемдүүсү. "Чок" - эки ти-зени бүгүү. Негизи төөнү чөгөрүүдөн калган. Чөгөлө - тизелөө чек түшүү-тизелеп, эки бутту көчүккө коюп олтуруусу. Чөгөлөтүүгө дей-ре баруу - күнөөсү өтө күчтүүлүгү. Мында өзү эле жасагандарын чек түшүп, башын жерге салып, курун мойнуна алып, эмне кылса-ңар да мен силердин жазага кайылмын - деген кыязда болуусу.
Экинчиден, минтүү аркылуу кылыгымды кечиргиле, мындан ары минтпейм, экинчи андай иштерге барбайм дегени. Бир мисал буга далил : Инди-Кытайдан үч жүздөй дунган качып чыгышат. Ат-Башыга, Нарынга, Кочкорго, ары жагы Караколго дейре тара-лып, Чүй бооруна дейре жетет. Коштоп келген Улар баатыры ач-кан-бозгон элге жер сурайт. Шабдан баатыр Кара-Коңуз деген жер­ди берет. Мээнеткеч эл бат эле чукулап, дөңсөөсүн түзөтүп, өздөштүрүп, тиягы Алма-Атага, биягы Олуя-Атага чейин соода-сатык жүргүзүшөт. Бат эле тирденип байып, кайра кыргыздардан малай жумшай баштайт. Бай-манаптарга, бий-болуштарга чай-ча-мек, набат, кант ж.б. татымал, жер жемиштерди ыроолоп, ез-ара алар менен алака түзүп алышат. Күндөрдүн биринде Өтөгөн ат-туу оозунда сөзү, акыл-ою менен мыктыларга жанашкан адам келе жатса, бир далбаарыган кыргыз жигитин ноктолоп, жапмага ба­сып, Кеминдин суусунан жылаңаяк ары өйүзгө бир, бери өйүзгө бир кечирип, ит кылып жатканын көрөт. Ат үстүндө бир топко ка­рал турат. "Шабдан баатыр Кегетинин Капчыгайына келиптир" -дегенди угуп Өтөгөн карыя түз эле ат тизгинин ошол тарапка бу-
рат. Өргөөлөр тигилип, бээ союлуп... "Өтөгөн аке келди", "Өтегөн аке келди, атын алгыла?" - деп калышат. Атынан алаары менен өтүнүчү боюнча Шабдандын устуне кирет. Терт жаздыктын орто-сунда олтурган баатыр ейде обдула калып, "Өтөгөн аке, ейде өтүңүз?" - деп жиберет. "Төрүң өзүңө эле буюрсун, сен, минтип, жатасың, элиң эмне болду" - деп, керген окуясын айтат. "Алдыр-гыла Улар баатырын!" - дейт баатыр. Токмокко киши чаптырышат. Бул окуяны Улар баатыр сезет. Жети чаар ат камдап, тигиндейрэ-эк коюп, Шабдандын устуне мойнуна камчысын илип, бооруна ко­лун алып, буктуше кирет. "Отур! - дейт баатыр жекирип, - ушул жерге казыкча кагып салайынбы?" Ошондон кийин дунган байла-ры кыргыздарга андай корсеткен ыдыгы тыптыйпыл калат. Ара-дан Шабдан дуйнеден кайтат. Элибиз Кытайга уркту. Эт эмес, та-багы табылбай калды. Орустар менен дунгандар жерге эгедер болуп кальгшат. Жер төңкөрүшү гана элибиздин энчисин ез колу­на берген болуучу...

Ой-пикирлер