Кирүү

Белги ыры

Мени жамандасаң, Кара жер тамандап кал. Кара өгүздү минип, Кара чаар жылан камчыланып, Өлүмүңө минип барайын, Өкүрүп барып калайын. Айгыр минип азаңа барайын, Жакшылап калсаң, Оюн, күлкүңдүн үстүнөн чыгып калайын. Дагы жамандап калсаң, Кара эшекти минип, Кайгырып барып калайын. Бээ минип бейитиңе барайын, Топоз минип бейитиңе барайын, Топоз минип топурагыңа барайын.

Ой-пикирлер