Кирүү

Баланын адеп башаты

Эртең мененки уйкудан ойгонуу өмүрдүн уландысы. Туруу жана төшөктү жыйноо, тирилик-кыймыл башталат, жанданат. "Күн чыкканча турган адам ырыска шерик" -дейт кыргыздар. Бала ойгоноору менен ирээттүү коюлган кийимде-рин алып кийинет. Адатта, жатаарда көйнектү баш тарапка, шымды аяк тарапка чечет. Сырт кийимдер илгичке илинет, же баспай турган орунга коюлат. Боз үйдө кереге баштарына кыстарылат. Төшенчүнү бала өзү жыйнайт. Мында төшөнчүнү жыйышта же херебетке ирээт-теп салышта төшөнчүнүн башын, жаздыгын баспайт. Төшөктү салуу-да ушундай жол-жобо кайталанат.

Ой-пикирлер