Кирүү

Байлыкты ким кандай түшүнөт?

Көзүн май баскан, терисине батпай чытыраган ак куба жигит Мамбеталынын жупуну тейине карап, сезге сын-дырмакка минтиптир:
— Аксакал, жакшы эле журт аралап жүргөн экенсиз, бирин-эки мал курап алсаңыз болмок экен.
Акылмандын кайырган жообу бул болот:
— Иним, мен көп жылдык аштык эктим, жыл өткөн сайын кырманыма кызыл батпайт. Ар четинен ар ким каа-лашынча сузуп алат. Мени өлтүрбөс байлык ошол. Ал эми кай бирөө өлүү дүйнө жыйнап, ат көтөрө алгыс дене бай-лап, өзү ошонун азабынан ажал табат.

Ой-пикирлер