Кирүү

Коля кайда?

Кызуу иштеп жатканда телефондун чырылдап турга-ны көкөйгө тийгидей. Же уруша албайсың, же бир кагаз-га төгүлөр оюңду кайтып таба албай, беймаза болосуң.
Анан калса, саат сайын:
— Коля кайда? — деген эле кыздын үнү тынбайт. Бир жумага жакын ошол үн тынчымды алып бүттү. Акыры чыдамым кетип:
— Уулум, сени эле тынбай сураган бирөө бар, өзү келип моюнга асылып калма кырсык бар, андан боюңду ала качып жүр,— дедим туюк гана.
Уулум уялган бойдон сыртка чыгып кетти. Эртеси эле телефон чырылдап, баягы жадатма үн:
— Коля кайда?
— Кызым, Коля аялын ээрчитип, кызын көтөрүп, ки-ного"кетти,— дедим жайынча.
— Койчу, үйлөндү беле? — деп катуу чочуду.
— Үйлөнгөнү качан. Кай бир шумдар үйлөнө элекмин деп далай кыздарды жолдон чыгарып жүрөт. Андай кыр-сыктан аяр болгула,— дедим. Ошондон бери жаным тынч.

Ой-пикирлер