Кирүү

Адамдан адам не жатыркайт?

Олтурган жерде сөзгө кезек бербей, маңызданган бн-рен иаалып коё берди:
— Ким болбосун ал-жаным калбай тайынып-ташынам, лиан эле сыйымды көрүп алып, карабай кетишет.
Ушундан улам, олтургандар:
— Кана, Маке, кай убакта адамдан адам жатыр-кайт? — дешти жабыла.
Мамбеталы башын көтөрүп алып, алдыңкы ээрдин жа-лапып, сезге кирди:
— Чөлдө жашагандар барбы?
— Жок.
— Эмесе, жан дүйнөсү чөлгө тете кишилер бар. Аны менси баарлашайын десен не сезүңө түшүнбөй, не акылыңа аңдабай суусатып коет. Мындайдан жатындашың болсо да жанына жологуң келбейт.
— Туз төгүлгөн жерге чөп өсөбү?
— Жок, Маке...
— Андай болсо, үнү заар, тили уу бирөө бар. Жаның-да турса да кыйкырып сүйлөйт. Тамашалайм деп, шааба-йыңды суутат, назарыңды сындырат. Мындай менен куда-сөөк болсоң да кутулгуча ашыгасың.
— Эгин сугарайын деп суу жыгып келсең, ортодон би-рөө жыра талашса, кандай болот?
— Кыйноо эмеспи, Маке?
— Эмесе, мындай жыйында кай бирөөлөр сез тала-шып, ардемелерди бабырай берсе, өзүңдөн өзүң чарчап бүтөсүн. Андай менен ким деген алышып-чалышсын.

Ой-пикирлер