Кирүү

Алакан оту

Боз улан үн катпай кирип келип, көзгө комсоо карыны тиктеп калат. Мамбеталы уланга жылуу ырайда карап, озунуп салам айтат. Андан сон дегени бул:
— Балам, сен озунуп салам айтсаң уккан адамдын көңүлүнө таң атат. "Адам тура" — дешет. Демек, адамдын ыйык сапаты — саламдашуу.
Саламдашкан сыйга тете. Баш ийкеп, же кол берип, айтор ар кандай жүздөшкендер болот. Мен адамдар менен саламдашып койсом, алардын алакан оту аркылуу те-рүнө өтүп, очогуна жылынып чыккандай каниет алам. Бир айылдын адамы менен кол алышсам бүт эл менен учу-рашкан болом. Бул тирүүлүктүн бакыты.

Ой-пикирлер



2019-11-26
erlan
Жакшы, жакшы :))