Кирүү

Жолоочу Рысбаев. Таанымал акын Шайлообекке тамсил жооп

–Эх!
Жолоочу! Жолоочу!
–Эмне тамсил жазбайсың?..
–Эмне тамсил жазбайсың?.. Эле дейсиң...
–Мен көргөн күндү Шайлообек,
Сен билбейсиң!..
Айтайын...
Атайын сурап калдың.

Арстан чакырыптыр бардым.
Чыгат го дегем ишим оңунан.
Түрлөнгөн түгөт,
Түлкү тосту жолуман.
Түлкү сулуу экен,
Түсү жылуу экен.
Берметтей жылтылдап,
Бети кал экен.
Көңүлгө кетти көп нерсе,
Бирок ал,
"Көзүрлөр" үчүн жаралган жан экен.
Аты-жөнүмдү тактады,
Ак баракка каттады.
Анан,
Астыман чыкты Карышкыр.
Теңселе түштүм.
Териң сөөгүңө жабышкыр.
Аз кысыла калып тамагым,
Араң саламга жарадым.
Жүнү жүн экен.
Сүрү сүр экен.
Үнү үн экен.
Ачыгы
Анык ажаатты аччу шер экен.
Бир күн болсо да,
Бийликти берчү эр экен.
Ары сурап,
Бери сурап өткөндү,
Анан Аюуга өткөрдү.
Байкуш Аюукең,
Баскан турганы олдоксон.
Оордунан жүгүрүп келди,
–Отура бериңиз?–десем болбостон.
Далбактай басып, далыман таптады.
Балпактаган кыймылы,
Байкеңе жакпады!
Башына бакыт бир келип.
Ээ жүргөн эме окшойт.
Эптеп эле күн көрүп.
–Баскын?!–деп ээрчитип.
Башымды жерге ийгизди.
Акырын ачып эшигин,
Арстанга ошол киргизди.
Арстакеңдин үнү чыкканда күрүлдөп.
Бүжүрөп туруп бердим.
Бүткөн боюм дүрүлдөп.
–Ии, Ырыспайып!
Жолугуштукпу буюруп ырыс кайып!
Билем...
Талантың бар.
Таза жазасың тамсилди!
Бирок,
Тамсил жазган мезгил,
Такыр азыр эскирди!
Алдууну–Арстан!
Коркокту–Коен,
Макоону–Эшек!–деп,
Таң калтыра албайсың эч кимди!
Эгемендүүлүк, эркиндикти алдыңар.
Коюндагы билетти,
Колтугуңарга катып,
Партократтан,
Демократ боло калдыңар.
Билдирерим эми,
Биздин айбандарды жайына койгун.
Сөз эркиндигиңер бар,
Өч албас сенден,
Өздөрүн–
Өз аттары менен сойгун.
Түшүндүңбү?!–
Түз келип жүрбөсөң саламга!
Илдирип алып Бүркүткө,
Ишиңди өткөрүп берем!–деди–Каманга!
Тамсилди таштап.
Калемди ыргытпаска,
Кандай арга калат анан агаңда?..

Ой-пикирлер