Сүйүнбай Эралиев. Эне
Дүлөй болуп калса да үнүңдү угат,
Сокур болуп калса да– сени көрөт.
Сен жок болсоң санаа жеп калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт кайра төрөп?
Күтсө болот энеден укмуш жорук,
Мүмкүн болсо сен үчүн турмак ооруп.
Ал гана эмес "Муну кой, мени алгын!"
деп,
Ажалга да бармак ал сени коруп.
Биз бүткөнбүз эненин боор этинен,
Бизге бөлүп берген ал жарты жанын.
Бирок кантип кутулуп мээнетинен,
Кантип актап келебиз карзын анын?
- Аалы Токомбаев. Алкоо
- Жоомарт Бөкөнбаев. Ажал менен ар-намыс
- Акындардын Аксыдагы айтышы
- Шайлообек Дүйшеев. Тан
- Аман Токтогулов. Кондиционер
Ой-пикирлер
2019-12-16 Алия |
Абдан сонун |