Жээренче чечен баяны
Жээренче чечен баяны (жомок)
Кайсы бир мурунку мезгилде Жээренче чечен аттуу адам жашаган. Ал өз мезгилиндеги акьшдуу, сөзгө чечен, көрөгөч адам экен. Анын Төлөмырза деген кем акьш уулу болгон. Ал жалганчы, жалкоо болуптур. Бир күнү Жээренче чечен бир жактан келсе, уулу элдин ортосуна туруп алып мактанып жатыптыр: Мен элик аттым эле, менин огум бутунун учу менен ку лагынын учуна тийди, деп. Аны угуп Жээренче: Ээ, уулум, сен элик буту менен кулагын кашылаганда аткан экенсиң да, деп анын сөзүн тууралаптыр.
Баласынын акылсыздыгын көрүп Жээренче чечен уулуна акылдуу колу кту издөөнү эп көрөт. Жээренче чечен баласын ээрчитип жолдо келе жатып: Ат жалына казан ас, деди. Төлөмырза түшө калып, ат тын жалына от коюп, өрттөп жиберди. Жээренче чечен: Ээ, балам, ат жалына казан ас, деген канжыгадагы та макты ат үстүнөн жейли деген сөз болот, деди. Дагы бир топ узагандан кийин: Балам, узун жолду кыскарт, деди. Төлөмырза түшө ка лып жолду кетмендеп калды. Жээренче чечен: Жолду кетмен менен кыскарта албайсың, балам, "узун жолду кыскарт" деген өткөнкеткенден кеп сал деген болот. Кеп адамга эрмек болот, жолдун каңдай өткөнү билинбей калат. Узун жолду жүрүштүү ат менен кызык сөз кыскартат, деди.