Кирүү

Жоомарт

Жоомарт

Илгери, илгери бир кандын үч вазири бар экен. Бир күнү вазирлерин сынамак үчүн кан:
-Вазирлерим, менин силерге бере турган суроом бар, кандай адам жоомарт болот? Малдуу, бай адам жоомарт болобу? Силер мага айтып бергилечи,-деген экен.
-Дүнүйөсү көп болбосо, малы жок болсо, эч кандай адам жоомарт боло албайт. Малдуу жоомарт болот. Колунда жок болсо, кандай мыкты адам болсо дагы, мен жоомарт боломун деп, аракет кылганы менен боло албайт,-дешет.
Андан көп күндөр өткөндөн кийин кан жаман кийим кийип кайырчы болуп, "вазирлерин сынап көрөйүн деп, бир күнү түндө бир вазиринин үйүнө барат.
Үйүнө кирип барганда эле вазири кабагын бүркөп:
-Эмне кылып жүрөсүң, кет,-деп кыйкырат. Кайырчы болгон кан босогодо ыйлап туруп:
-Тамагым жок, батамды берейин,-дегенде вазири ичкен тамактын калдыгы калган экен ошону берет да:
-Кеткин,-деп жиберет. Андан кан чыккандан кийин, дагы бир вазиринин үйүнө барып, кайырчы болуп тамак сурайт. Ал вазир дагы:
-Кеткин,-деп тилдеп, кургап калган нандын калдыктарын берет.
Аны менен жүрүп олтуруп, кан дагы бир үйгө келсе, ал үйдө бир кемпир бойго жеткен баласы экөө олтуруптур.
-Эмне кылып жүргөн кишисиң?-деп сурагаңда, кан айтат:
-Мен кайырчымын, кайыр тилеп жүрөмүн. Силердикине жатайын деп келдим,-дегеңде жигит эшикке жүгүрүп чыгып:
-Кайырчы аке, кетпеңиз, биздин үйгө жатыңыз!-дейт. Анан жигит энесине:
-Бүгүн алып келген койлорубуздун бирөөнү союп, кайырчыны конок кылалы,-дегенде энеси макул болот.
Кайырчыга келип:
-Сизди сыйлап, бир коюбузду союп берели дедик эле, сиз ыраазылыгыңызды бериңиз,-дегеңде кайырчы болгон кан:
-Койду кайдан алдыңар, коюңар көппү?-деп сураганда жигит:
-Мен бир байдын малын багып жүрүп, бир жылдык акым үчүн беш кой аддым эле. Ошол койлорду бүгүн алып келип, койду кызык көрүп жатпай карап олтурдук эле,-дейт.
Анда кайырчы кан:
-Мен койдун жүрөгүн гана жечү элем. Бир кой сойсоң, бир койдун жүрөгүнө мен тойбойм, этин жебейм,-дейт.
Анда жигит, эшикке жүгүрүп чыгып, энесине:
-Эне, кайырчы жүрөк гана жейм дейт. Бир койдун жүрөгүнө тойбойм дейт. Кайырчыга беш коюбузду тең союп, жүрөгүн берели, кайырчы бечара тойсун, этин өзүбүз жеп, же сатарбыз,- дегенде энеси макул болот.
Жигит беш коюн тең соёт. Беш коюнун беш жүрөгүн салып, кайырчы ыраазы болсун деп бышырып берет. Кайырчы бир гана жүрөгүн жеп:
-Мен өзүм жүрөктү бул жерге олтуруп жалгыз жеп алганым болбойт, балдарым ач, балдарым менен бирге олтуруп жейин,-деп калган төрт жүрөгүн үйүнө алып кетмекчи болот.
Анда жигит:
-Мейлиңиз, ыраазы болсоңуз болду,-дейт.
Кан түн боюнча башка кишилерге көрүнбөстөн өзүнүн кандык ордосуна барып, жигиттин берген төрт жүрөгүн вазирлердин берген нандын кургаган калдыктарын жана башка артып калган тамактарын алып барып, кан отурган жериндеги сандыгына салып коет.
Бир нече күндөн кийин, кан эки вазирин чакыртып алып, кой союп жүрөгүн берген жигитти да чакыртат.
Кан вазирлерден:
-Марттык эмнеде, дүнүйөдөбү же адамдын өзүнүн сөөгүндө бүткөн марттык болобу?-деп сураганда вазирлери:
Марттык дүнүйөдө болот. Кимдин дүнүйөсү көп болсо, ошол март болот,-дейт.
-Силердин дүнүйөңор барбы, же жокпу?-деген кандын суроосуна вазирлери:
-Биздин дүнүйөбүз өзүбүзгө жетиштүү. Дүнүйөбүз арбын,- дейт.
Вазирлерине кан ачуусу келип:
-Палан убактыларда кайырчы болуп, силердин үйүңөргө барган мен болуучумун, кана силердин марттыгыңар, дүңүйөңөр көп болсо, тамактын калдыктарын, сындырынган нандын күкүмдөрүн берет белеңер,-деп аларга баягы каткан-куткан нандарды көрсөтөт.
-Мына март деп, мен үйүнө барганда малай жүрүп, алып келген беш коюн союп, жүрөгүн бышырып берген ЖИГИТТИ айт,- деп кан эки вазирин ордунан түшүрөт:
-Марттык малда эмес, ал адамдын сөөгүнө бүткөн дилинде болот!
Ошентип хан малай жүргөн жигитти вазир кылып алат.

Ой-пикирлер