Кирүү

Санташ (уламыш)

Санташ (уламыш)

Санташ дөбөсү жөнүндө эл оозунда мындай бир уламыш бар: Тимур (Тамерлан) XV кылымдын акыркы чейрегинде "Самарканддан биринчи жортуулга чыгып, Кытайдан Ние провинциясына бара жатканда, Ысык-Көл өрөөнүндөгү тоо арасындагы өткөөл аркылуу өткөн.

Ушул жерге жакындаганда аскерлердин башында бара жаткан Тимур ар бир жоокерге бирден таш алып, белдин этегине чогултууну буюрат. Натыйжада эки жерде: бири чоң, бири кичирээк таш дөбө пайда болот. Бул эки дөбөдөгү таштардын саны Тимурдун аскерлеринин санына туура келген.

Тимур аскерлери менен жортуулдан кайтканда, кайрадан баягы тоо арасындагы өткөөл аркылуу өтүшөт. Тимур аскерлерине дөбөдөгү таштардан бирден алууну буюрат. Таш дөбөлөр абдан кичирейет, бирок түгөнбөйт. Демек, өткөөлдө калган таштардын саны канча болсо, ошончолук аскер жоодон кайткан экен. Таш дөбө кичирейгенине караганда, жоодон бир топ аскер кайткан эмес.

Ошондон бери бул жер Санташ деп аталып калган. Ал он миңдеген ташты билдирет.

Ой-пикирлер



2020-06-01
Сезимка
Анын жанындагы айылдын аты да сан таш деп аталып калган турбайбы