Кирүү

Жээренченин баласы

Жээренченин баласы

Жээренченин баласы өтө жоош экен. Жаныбек хан Жээренчеге:
-Жакшыдан жаман туулабы?-деп айтат. Анда Жээренче:
-Жакшыдан жаман туулбайт,-дейт.
Мунусу кандай деп, оюна алып ойлонуп жүрүп, Жээренче чечен өлгөндөн кийин бир нече жылдар өткөндө Жаныбек хан калмактарга каршы жортуулга бара турган болуп, Жээренченин баласына "Душманга каршы урушабыз, биз менен жүрсүн" деп, адам жиберип, кабар кылат.
Жээренченин баласы жаш бышты атты минип, эл менен кошо жортуулга барат.
Урушат. Душмандары - калмактар күчтүү болуп, Жаныбек хандын аскерлери тымтыракайы чыгып кача баштайт. Качып келе жатканда кандын аты жүрбөй калып, колго түшө турган болот.
Ошондо Жээренченин баласы:
-Таксыр, жүрбөй калган атыңызды мага бериңиз, мен сизге атымды тартуу кылып, биротоло беремин. Мен колго түшсөм эч нерсе эмес, сиз колго түшсөңүз, "калмактын канын чаап аламын деп барганда, эли качып кетип, каны колго түшүп калды" деген элди булгаган түбөлүк жаманатты сөз калар,-деп минген атын берип, жүрбөй калган кандын атын Жээренченин баласы минип, хан аман калыптыр.
-Жээренченин баласын жоош көрүп жүрүүчү элем, Жээренченин айтканы дурус экен,-деп кан Жээренченин сөзүнө айран калган экен.

Ой-пикирлер