Кирүү

Рум падыша, турум падыша

Илгери, илгери бир Турум деген падышанын баласы куш салып кечинде үйүнө кайра келатса, ак тайлак минген бир кыз алдынан чыгат. Бала:
-Кайдан келе жатасың, атың ким?-десе, кыз:
-Мен Рум падышанын Каракөз айым деген кызы боломун, мени издеп таап ал,-деп ак тайлакка камчы салып жөнөйт.
-Кара кашка аргымагым куусам жетет, кармап эле алайын -дейт да бала кызды кууйт. Бирок ал жерден чаң бурк этип, булжерден чаң бурк этип, бала жетпей калат.
Турум падышанын баласы кырк жигити менен эртеси дагы ууга чыгып, кечинде үйүнө келатса, баягы кыз дагы алдынан жолугат. Бала дагы кууп жетпей калат. Бала сары санаа тартып, убайым менен өңү аза түшөт.
Турум курдаштарына:
-Менин балам өңүнөн азып кетти, эмне болгонун сураштырып бергилечи,-дейт.
Ал кишилер:
-Эмне болуп өңүңөн азып бара жатасың?-деп сураса, бала:
-Рум падышанын Каракөз айым деген кызы мага эки жолу жолугуп, эки жолу кууп жетпей калдым, Каракөз айымды аламын, атама айткыла, Каракөз айымды алууга уруксат берсин, ошол кызды ойлоп азып кеттим, башка эч бир да оорум жок,-дейт.
Баланын сөзүн тиги кишилер Турум падышага төкпөй-чачпай айтып барышат.
-Алса алсын,-деп Турум падыша баласына курал-жарактуу кырк жигитин кошуп, кырк бээни союп, кырк төөгө азык, кырк төөгө пул артып Румдун шаарына жөнөтөт.
Бала бир нече күндөр жол жүрүп олтуруп, Румдун шаарынын четине жетип конот, жигиттерин кароолго коюп, өзү жатат. Бир оокумда чурулдаган чуу чыгат, чочуп ойгонуп кетип караса:
-Тос эле тос, карма эле карма!- деп бирөөнү бир нече киши кууп келатат. Бала качып келаткан кишини кармап алат да:
-Сен эмне болгон жансың?-деп сурайт.
Баягы киши:
-Мен Рум падышанын колуна түшкөн Кыраанкара деген ууру элем, ал эми сен кимсиң?-дейт.
-Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз айым деген кызын издеп келатамын,-дейт бала.
Кыраанкара:
-Мени куткарып алсаң, мен Каракөз айымды алып келип беремин.
Анда бала:
-Эмне берип куткарып аламын?
Кыраанкара:
-Кырк төөңдү пулу менен берсең, куткарып аласың.
Бала кууп келгендерге кырк төөнү пулу менен берип, Кыраанкараны куткарып алат.
Кыраанкара:-Каракөз айым менен Жансүйөр деген кызды мен өзүм эле алып келемин, кырк жигитинди үйүнө жибер,-дейт. Кырк жигит үйлөрүнө кетет. Кыраанкара тоодогу токойду аралап балтасы менен токойду кыркып жол ачып баратса, алдынан бир кыз чыгат, ал кызды:
-Кайда баратасың?-десе:
-Рум падышанын Каракөз айым деген кызы тоодо чоң сарайда жашайт, аны кырк кыз, кырк жигит болуп кайтарабыз, мен ата-энеме чай кайнатып берейин деп кетип баратамын,-дейт.
Кыраанкара баягы кызга:
-Эмесе, Каракөз айымдын ашык болгон жигити алыстан келиптир, анын турган жерин көрсөтүп кой,-деп ээрчитип алат. Токойду аралап жүрүп олтуруп, бир мезгилде араң жетишет. Ал жерден Кыраанкара Каракөз айымды чоң куржундун бир көзүнө, Жансүйөрдү экинчи көзүнө салып көтөрүп жөнөйт. Күзөтчүлөр байкап калып кууйт.
Кыраанкара канаттуулардын, айбандардын, өсүмдүктөрдүн тилин билген, бир уктаса кырк күн уктап, кырк күнге чейин уктабаган күлүк киши болгон зкен. Ал:
-Бүгүн үйгө жетебиз, мен кырк күн уктаймын, менин кырк бөлмөлүү үйүм бар, силерге бир аял кырк бөлмөлүү үйдү бирден кыдыртып чыгат, ичиндеги дүнүйөлөрдү көрсөтүп кайра жыйнаганча кырк күндүн өткөнү билинбей калат дейт,
Ошол күнү Кыраанкара тигилерди ийнине көтерүп алып үйүнө келип, баягы өзү айткандай уктайт. Бир аял үйпөрдү ачып ичиндеги шаан-шөкөттөрдү тигилерге көрсөтө баштайт. Кыркынчы бөлмөнү ачып көрсөтөт, анда эки окшош тулпар турат. Аял эки тулпарды Каракөз айым менен Жансүйөргө жетелетип сугартат. Аңгыча бир калдайган кара булут келип, эки тулпар менен эки кызды көтөрүп алып кетет. Ошол күнү Кыраанкара ойгонот.
-Ага эки тулпарды, эки кызды бир кара булут келип көтөрүп кетти,-дейт бала.
Анда Кыраанкара:
-Бир Тулпар меники, бир тулпар Алп кара куштуку болучу, экөөбүз мелдешип жарышканбыз, ал асманда учкан, мен жерде жүгүргөнмүн, ошондо Алп кара куштан мен чыгып, анын тулпарын утуп алганмын. Ал ошого ичи күйүп алып кеткен турбайбы,-дейт да, чоң балтасын көтөрүп барып, бир чоң теректи кыя баштайт. Көрсө, Алп кара куштун жаны ошол жерде экен, ал:
-Кара жаным, кыйба, ой жаным ай, жаным! Мына аманаты?,-деп эки кызды, эки тулпарды алып, түшүп келет.
Эртеси Кыраанкара баланы бир ийнине, кыздарды бир ийнине көтөрүп, баланын үйүнө жөнөйт. Ошол күнү анын үйүнө жетпей, бир токойго конуп калышат. Кыраанкара уктамыш болуп жатса, бир маалда дарактын башына үч көгүчкөн конот, бир көгүчкөн:
-Бул баланын атасы ушул кызды алганына капа болуп, балам ууланып өлсүн деп, уудан куш, уудан ээр токумдуу ат, уудан тайган алып атасы эртең тосуп чыгат,-дейт.
Эртең менен турушкандай кийин Кыраанкара балага:
-Сенин атаң сенин келинчек алып келатканыңды билип, алдыңдан ат-куш жана тайган алып чыгат, досум, ошол үчөөнү тең мага бергин,-дейт.
-Берейин,-алар сага аздык кылат, андан дагы көп нерсе берсем болот эле,-дейт бала.
Эртеси баягы Кыраанкара айткандай баланын атасы атын, кушун жана тайганын алып, баланын алдынан чыгат. Атасы:
-Балам, мына бул атты минип, кушту алып, тайганды ээрчитип ууга чыгып, көңүлүңдү ачкын, сенин келинчек алганыңа кубанып алып келдим,-дейт.
Бала аларды алат да бүт досуна берет. Досу атты, кушту жана тайганды алып токойго барат да, баарын өрттөп, күлдөрүн сууга салып жиберет.
Атасынын айласы кетип, бир күнү баласы уктап жатканда:
-Баламды чагып өлтүргүн,-деп ажыдаарды жиберет. Кыраанкара аны билип, уктабай кылычын алып, аңдып жатат.
Ажыдаар эшиктен жылып, үйгө белчесинен киргенде Кыраанкара ажыдаарды бөлө чабат. Кан чачырап Каракөз айымдын бетине тиет. Каракөз айым ууланып калбасын деп, анын бетине жоолук жаап, тамган канды Кыраанкара соро баштайт. Бала ойгонуп, ичинен нааразы болуп калат. Кыраанкара;
-Досум, мен сага жакшылык кылып жатам, сырымды айтпаймын. Айтсам таш болуп каламын, жакшылыкты билбейт турбай-сыңбы?-дейт.
Бирок бала:
-Жок, сен дос эмес экенсиң, кас экенсиң,-деп такыр болбойт. Кыраанкара:
-Эми, досум, сен үчүн таш болсом болоюн, сырымды айтайын, атаң сенин Каракөз айымды алганыңды жаман көрүп жактырбай, өлтүрүү үчүн ууланган ат, куш, ууланган тайган алып келип тосподубу. Алар менен ууга чыкканда сен ууланып өлмөксуң, ошондуктан мен аларды алып өрттөп жоготтум. Кийин чагып өлтүр деп ажыдаарды жиберди, кылычымды даярдап түнү менен карап жатып, ал үйгө кирип келгенде аны бөлө чаптым, анын каны Каракөз айымдын бетине чачырап калды эле, ууланып калбасын деп канын соруп жатат элем,-дээр замат Кыраанкара белине чейин көк таш болуп катып калат.
-Айткандай, бул көп жакшылык кылган эле, мунун жакшылыгынан кантип кутулам,-деп бала Кыраанкараны көтөрүп алып жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бала бир жерге барып жатып калат. Ак кийинген, ак боз ат минген ак сакал киши келип:
-Ой, балам, эмне жатасың?-деп ойготуп тургузат да:
-Сен барып Кара тоону тап, анда капкактуу кара булак бар, аны сен "кайдан табылчу элең, капкагың кайдан ачылчу эле" деп туруп, Кыраанкаранын эң мурун буттарын салгын. Буту тыбырайт, кийин булакка бүт денесин малгын, "ушунча уктаган экен-мин" деп тура калат,-дейт.
Бала Кыраанкараны көтөрүп алып, Кара тоого жөнөйт, барып капкактуу кара булакты табат, анын капкагын ачып:
-Сен кайдан табылчу элең, капкагың кайдан ачылчу эле!-деп эң, мурун эки бутун салганда эки буту тыбырайт. Кийин денесин бүт салат.
-Ох!-деп Кыраанкара тура келет.
Бир аз эс алгандан кийин Кыраанкара баланы көтөрүп алып, бир күндө үч айлык жолду басып, анын элине жөнөйт. Бала "Кы-раанкара жолду мурункуга караганда кандай басып калды экен, сынап көрөйүн", деп тебетейин жерге түшүрүп коёт да:
-Ой, досум, тебетейим түшүп калды!-дегендин ортосунда Кыраанкара жарым күндүк жолго жүрүп кеткен экен.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баланын айлына келсе, көп элдин карааны көрүнөт. Кара кементай кийген, кара өгүз минген бир койчу жолугуп калат. Андан сураса, ал койчу:
-Балам болсо өлдү, анын досу Кыраанкара болсо таш болуп калды деп ашын берип, эми кан эки кызды аламындеп той берип жатат. Бул эл ошол тойго келген эл,-дейт. Муну угуп Кыраанкара койчуга:
-Сен канга барып "акылыңа кел, ээси келатат, аманатын колуна сал" дегин,-дейт.
Койчу канга барып:
-Эй кан, акылыңа кел, ээси келатат, аманатын колуна сал, - дейт.
-Бул жаман койчу эмне дейт?-деп кандын жигиттери койчуну тызылдатып кууп калышат. Ал Кыраанкараны көздөй качат. Кыраанкара кылычын алып келгендерди кууп, чаңын асманга чыгарып, кыргын салат, канды туткундап, дарга асат.
Ошентип бала таажы кийип, такка олтуруп, атасынын ордуна кан болот. Чоң той берип Каракөз айымды алат, берки кызды Кыраанкарага берип, кош айтышып, аны элине жөнөтөт.

Ой-пикирлер