Кирүү

Түлкү менен карышкыр

Түлкү менен карышкыр

Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти. Аны тегерене карап, салып койгон капканды көрдү да, шилекейин чууртуп, эмне кыларын билбей туруп калды.

Аңгыча желип-жортуп карышкыр келди. Түлкү жагалданып:

-Каке, келиңиз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам. Алдагыны сизге сактап койдум,- деди.

"Астында капкан болбосун?" деп шектенген карышкыр анчалык көңүлсүнбөй мыкчыя тигилди.

-Кээде ушинтип кекирейип каласыз... Жебесеңиз өзүм үйгө алып кетейин,-деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды. Куйрук четке ыргыды. Түлкү аны илип алды да:

-Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып!

Эртең эрте ушерден,

Ээси менен табышып,-деп шаттанып ырдап, желе-жорто жүрүп кетти.

Ой-пикирлер