Аңыр (уламыш)
Илгери бир заманда абышка, кемпирдин жалгыз кызы болуптур. Экөө улгайганда көргөн кызын бөпөлөп, өзгөчө эрке өстүрүшүптүр. Кызы келбеттүү, сулуу, сымбаттуу экен. Кыз бойго жетет, ата-энеси болсо, карып алданкүчтөн тайы шат, оор көтөртпөй, жеңилге желпинтпей, эрте тургузбай, жанын кыйнап жумуш жасатпай, жокту көргөзбөй, жакшы менен жаманды айырмалап билгизбей өстүргөн кызы ме рез, ташбоор болуп чоңоёт. Ата-энесин карабай, өзүнүн боюн гана түзөп, сулуулугуна таянып, мага эч кимдин кереги жок, сулуулугум, сымбатым менен бул турмушта кор болбойм деген ой менен жашап жүрөт экен кыз.
Күндөрдүн биринде аңчьшык кылып жүргөн хандын ба ласы кызды көрүп дароо ашык болуп калат. Жуучу жиберип, кызга куда түшүп, кызга үйлөнүп экөө баш копгушат. Абыш ка, кемпирге хан калың төлөп берет. Күндөр өтө берет. Абышка, кемпир бир күндөрдө, кой кызыбызды көрүп келели дешет да, хандын ак сарайына барышат. Кыз ата-эне синин келгенин угуп, желдеттерге эшиктерди бекиттирип, киргизбей коюптур. Ошентип абышка, кемпир бир нече жолу келип, кызын көрө албай кетишет. Бир топ убакыт өтөт, абышка, кемпир бир чети карьшык тан, бир чети кайгыдан чөгүшүп, алданкүчтөн тайышат. Хан берген мал да бүтөт. Кароосуз калган ата-эне ошондо кызы на нааразы болушуп, кудайга жалынышкан экен: О, кудай, ушул кызыбызды бөпөлөп өстүрдүк эле, жок ту билгизбей, чымын кондурбай, жанын кыйналтпай. Эми болсо бизди унутуп карыганда карабай кетти, деп зарла шыптыр. Алардын зары кудайдын кулагына жетип, кудайдын ачуу су келип каргап салган экен: Адам кейпинен ажырап, арам куш болуп кал, Турган жериң жар болсун, Балачакаң сууга жетпей зар болсун, Өзүң болсо өмүр бою зарлап аңкылдап өт, дептир. Ошондо баягы сулуу, сымбаттуу хандын келини кушка айланып кетиптир дешет.
Аңкылдап учкан үчүн анын атын "Аңыр" деп коюпгуптур. Аңырдын этин адамдар жешпейт. Жумурткасын жарга тууйт. Балапандары сууга жетпей, кок ту, колот, арыктар менен араңдан зорго көлгө жетишет. Жет пей бир тобу өлөт. Ал эми өзү болсо өмүр бою аңкылдап учуп калыптыр дешет.