Кирүү

Саякатчы бала. Шарда учканда

Жолдош окуучулар, мени жалгыз тоо эчки кармап жана жердин катмарындагы сууну эле сүзүп чыккан экен дебегиле. Мен андан башка дагы бир топ кесиптер кылдым. Биринчи жолу Италиянын окумуштуусу Леонардо да-Винчинин абага учуу деген максат коюп жана ал абага учууга бир топ аракет кылып, шар көтөрүлткөнүн уккандан кийин, мен да андан артып түшкөндөн шар жасоого кириштим. Менин шар тууралу түзгө:: планым энем экөөбүзгө жакты. Мен биринчи жолу шар жасай баштадым. Ал шарым абдан жакшы болуп чыкты Эми анын ичине кандай учуучу жеңил газды толтуруу керек, мага ошол жагы кыйындык келтирди. Бирок, мен аны да ойлой-ойлой таптым. Мен билем, суу эки газдан турат (водород жана кислород).

Водороду абдан жеңил. Ошондуктан, жасаган шарымдын ичине водород толтурууга туура келди. Мен аны кантип толтурууга тийишмин, кантип водородду суудан бөлүп алам. Ушул жагы мени бир топ ойлонтту Мен анын да амалын таптым. Мен бир чоң казанга суу куюп, анын оозун бекем капкактап, капкакты тешип, бир узун темир түтүк орноттум да, түтүктүн орто ченинен бир чоң мешке от жагып, түтүктү ошол от ортосунан алып өттүм. Түтүктүн учун эки айрым кылдым. Себеби, водород жана кислородго айрылбай келген суу бир идишке агып түшсүн үчүн, газга айландырганда кислород темир түтүк ичинде калып, водород шарга барып кирсин үчүн түтүктүн бир башын шардын оозуна киргизип туруп, бек таңып, казанды баркылдатып кайната бердим. Шар уламдан-улам толо берди. Бир аздан кийин шар топтомолок болду, андыктан эми учууга туура келди. Мен мурун эле шардын ылдый жагына өзүм олтуруп учуу үчүн жакшылап бир адамдык кылып, үй жасап койгом. Ал үйдү водородго толгон шардын алдына келип таңдым. Абага толгон шардын оозун бекем байлап, өзүм үйгө түшүп, энем менен коштошуп алып, асманга учуп жөнөдүм. Шар уламдан-улам жогорулап бара жатат. Мен үйүмдүн терезесинен жерди карап бара жатам. Энем мени карап, колун булгалайт. Бирок, үнүн укпадым. Шар көкөлөгөндөн көкөлөй берди. Жер алыстагандан алыстан берди. Бир маалда түнөргөн бир шооласыз капкараңгы жерге туш келдим. Бул жер абанын кайсы бөлүгү экени мага белгисиз. Караңгылык бул жерди чылк баскан. Төмөн карасам, жер көрүнбөйт. Жогору карасам, ай, күн көрүнбөйт. Ошентсе да, шар жогорулап эле көтөрүлүп бара жатат.

Мен эмне болсом, ошол болоюн деп жайбаракат, эки жакты карап, чөнтөгүмдөгү күнүмдүк дептериме көргөн, билгенимди жазып кетип бара жатам. Шарым тынбастан эле жүрүп кетип бара жатат. Бул шардын кайда барып токтолорун билбейм. Капкараңгы эч жылчыксыз. Абадан башка мыдыр эткен эчтеке жок. Же бир дабыш, же бир жандык, же бир жарык, же бир табияттын бир мүчөсүнөн бирөө да жок. Жер жакты карасам деле, капкараңгы көрүнөт. Күн болуп жатканы, түн болуп жатканы белгисиз, өзүм кайсы кургактыкта же кайсы суунун үстүндө кетип бара жатканым да белгисиз. Өзүм гана СССР аймагынын үстүндө тургандай болом. Капиталисттик өлкөлөрдүн астрономик жана шар учуруучуларына: мен СССРдин акылман, билимпоз, эмгек уулунанмын дегендей болуп ичимден кубанып коюп бара жатам.

Бир маалда шар ары да кетпей, бери да кетпей токтоп калды. Бул токтолушуна таң калдым. Үйүмдөн түшө калып, эмне учпаганын көрөйүн деп андан да корком. Себеби, жерди көздөй түшүп кетемби дейм. Ошентип кантер амалды билбей, бир топко ойлонуп турдум да, шар түшпөгөндөн кийин мен түшмөк белем деп, үйүмдөн секирип түштүм. Секирип түшкөнүм менен жерге кулап түшкөнүм жок. Түшкөн жерден эле басуу таянчым жок болуп, токтоп тура бердим. Шарым эмне учпайт экен деп, ары-бери басып, эки жагым карадым. Карасам баары эле аман өңдүү. Бирок, эмне учпасын билбедим. Өзүмдүн да кулап кетпегениме таң калдым да, өзүмө өзүм суроо берип коём. Мен эмне үчүн кулап жерге түшпөйм? — дейм, бирок, ал суроону өзүм да чече албадым... Ошентип, кайра шардагы үйүмө келип түштүм да, бир аз тыныгып, эс алып олтурдум. Бир маалда, калың караңгылыктын арасынан бир чоң жер формасындагы бир нерсе уламдан-улам мага тушташып, жакындаган өңдөнүп келе берди.

Шар ансайын дагы ошол жер сыяктуу формадагы нерсени көздөй акырындап уча берди. Бир маалда шардын көтөрүлүп сызганы маа анык экени сезилди. Бир нече убакыттан кийин эле баягы жер формасын алган жерге жетип калыппыз. Жерине барып шар-марым менен аман-эсен түшүп калдым. Ал жер башка жер көрүнөт. Жаралып бүткөндөн тоолор, тунук, акпаган коюуланган суулар. Бирок көпчүлүгү муз. Кез-кез жерде гана муздан кылайып өскөн лишайник, мох сыяктуу өсүмдүктөр гана учурайт. Андан башка ырымга чөп жок. Жана айбан, адам аттуунун саны тургай жыты жок сыяктуу. Акырын гана мох, лишайник өңдөнгөн өсүмдүктүн түбүн байкап карасам, көзгө илинер-илинбес бир курт жүргөн сыяктуу. Андай турмуш жок жерде жүрүүгө мүмкүндүк келбеди. Андыктан кантип өз жеримди көрөм? Кантип учам? Бул суроо менин башымды бир топ катырды. Ал жүргөн жерим 9 планетанын кайсынысы экенин да билбедим. Бирок ойлоп-ойлоп баамдап байкасам ай шекилдүү, себеби, ай жерге жакын жүрөрүн билет эмесминби.

Мен бир топ күндөр жүрүп калдым, ал жерде күндүн кеч кириши, таң атышы биздикинен бат сыяктуу. Себеби, жерде жүргөндө түн ичинде эки ойгонуучу элем, бул жерге келгени түн ичинде бир эле ойгонуучу болдум... Дааналап, белгилей албайм, себеби, жерден учканда саатымды унутуп таштап салыпмын. Мен элди сагындым, жерди сагындым. Бирок, кетүүгө келгенде ой бир топ башты катырды. Андыктан эмне кылуу керек деп ойлоп отуруп, колумдун тырмагы өсүп кеткенин да билбей калыптырмын. Тырмагымды алайын деп үйүмдөгү көмүркөйүмдүн ичиндеги бычагымды көмүркөйүмдөн алып, тышка чыгайын дегиче болбой эле шар көтөрүлүп жөнөдү. Мен сүйүнгөнүмө чыдай албай күлүп да жиберген экемин. Ошентип учуп жүрүп олтурдум. Билбейм, жерди көздөй учуп бара жатамбы, кайсы жакты көздөй учуп бара жатканымды билбедим. Бир маалда баягы басып өткөн караңгылыкка туш келип калдым. Ал караңгылыкка туш келип калгандыктан, жерди көздөй жол тарткандыгымды ошондо билдим. Бир маалда жердеги жарыктын шооласы калың караңгылыктын арасынан көзүмө байкала баштады. Ошентип олтуруп, ылдыйлаган сайын ылдый түшүшү катуулан баштады. Мунун себеби, Курский Аномалия магнити бычакты тартып жаткан экен.

Бычак менен биз түшүп келе жатыппыз. Ал көрсө айда экенде жер айланып олтуруп, бычакка туш келгенде тарткан экен. Ошентип, Курский Аномалияга келип түштүм. Бычакты ошондо таштадым да, шарым көтөрүлүп, үйүмө келдим. Бычакты таштаган себебим — бычакты алып жүрсөм Курский Аномалия кайра-кайра тартып эле бастыра турган эмес. Бирок, бычагым абдан жакшы эле да, аны кийикчилеп жүргөндө да алып жүргөн болчумун...

Ой-пикирлер