Кирүү

Үч ууру

Үч ууру

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири-бири менен таанышышат. Биринчиууру:
-Мен жанда жок уурумун-дейт.
Экинчи ууру:
-Мен жанда жок баатырмын-дейт.
Үчүнчү ууру:
-Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде - эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,-дейт.
Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна:
-Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам,-дейт.
Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга:
-Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел,-дешет.
Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:
-Жүр, кеттик,-деп атка минип жөнөшөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:
-Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?
-Ата казынасы кыз,-деп жооп беришет.
Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:
- Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой!-дейт.
-Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң?-дейт.
Ченчи:
-Атыңдан түшүп, батыраак кара,-дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.
Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:
- Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел,-дейт.
Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
-Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?!-деп жакадан алат.
Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:
-Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү,-деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: "Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү"-деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.
Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:
-Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен,-деп кызды баатырга берет.

Ой-пикирлер