Кирүү

Бир туугандар (жомок)

Бир туугандар (жомок)

Бактыяр жана Ыктыяр деген эки бир тууган жашынан кырман четине конуп топтоло калышат. Жетим калышып, көрүнгөндүн колунда малай жүрүп, күн өткөрүп жашай беришиптир. Орок оруп, кетмен чаап, маң дай терин агызып, ак эмгегинен тапкан оокаттарын бирге бөлүп жешиптир. Айлар -жылып, жьш өтүп, экөө тең бой тартып чоңою шат. Улуусу Бактыяр өзүнө окшогон кедей адамдын кызы на үйлөнөт. Бактылуу жашап, балачакалуу болушат. Андан кийинки үйлөнүү кезеги иниси Ыктьшрга келет.

Ага арнап там салышат. Эми жаңы келе турган колукту үчүн жарашык туу жакшынакай кийимкече, үй эмеректерин, тамакашын даярдоо керек болуп, эки бир тууган биргелешип, шерик тешип, эрте жазда буудай эгишет. Аны жакшылап карап, чөбүн отоп, сугарып, күнтүн дебей күч аяшпай иштешет. Жаркырап жай айлары да келет. Буудай бышат. Аны оруп, кырманга көтөрүп ташышат. Жанчып, данын экөө тең бөлүп алмак болушат. Бирок агасы Бактыяр бул жылкы эгилген буудайдын түшүмүн бүт бойдон инисине берип, аны үйлөп коюну ойлойт. Муну уккан Ыктыяр көнбөйт: Оо, урматтуу агатайым! дейт ал,— биздин атабыз, анын аталары да таманы чор жакыр адамдар болуп өткөнүн сиз жакшы билесиз.

Алар "Ынтымак бар жерде — ырыс бар" дешип, тапканын ортодо бөлүп жешкен. Көрдүңүзбү, демек, бул кырман толгон кызылды экөөбүз тең бөлүп алалы. Сиз дин балачакаларыңыз бар. Жетет экөөбүзгө тең. Бактыяр сөзгө жыгылып, инисинин айткан кебин туу ра деп тааптыр. Ошентип, бир тууган агаинилер буудайды бөлүп, үйүйлөрүнө ташый башташат. Үч күн, үч түн ташы шат. Деги кырмандын чети оюлбайт. Бир күнү кенжеси кыр манга келип, агасынын буудайы азайып баратканын бай кайт, байкайт да, өзүнүкүнөн ага копгуп крёт. Ал кеткен соң, улуу агасы келип, көрүп турган көзүнө ишенбейт. Аңтаң болуп туруп калат. Ар тарабынан караса, кыбыр эткен жан жок. Чымчыктар гана асманга дүрр эте учуп чыгып, кайра Бактыяр тердеген чекесин сүртүп: Кызык, эмне үчүн менин буудайым ошол эле бойдон ту рат, азайбайт? Үч күндөн бери ташып эле жатам го? Мын да бир сыр бар? Кой, андан көрө иниме көбүрөөк болгону жакшы, ага жардам берейин. Быйыл ал үйлөнөт, кыйналып калбасын! дейт. Өзүнө энчилеген кызылдан күрөп, инисиникине кошуп коёт.

Мындан кийин Ыктыяр келет кырманга. Үйүлүп жаткан данды көрүп: Эхэээ, бул эмне болуп кеткен? Буудайым мурдагыдан да көбөйүп калыптыр го? Кой, агам жогунда, ага билдир бей, өзүмкүнөн кошуп коёюн. Ал эми бышыкчьшык маалы на чейин кыйналып калбасын?!— деп, беркиге бир капты жылдырат. Акыры бул сыйкырдуу иштин сыры, себеби эмнеде эке ни экөөнө тең белгилүү болуп калат. Көрсө, бу ынтымактуу луктун, кайрымдуулуктун касиети, жакшылык каалоонун улуу шарапаты экен! Муну бир туугандар түшүнөт. Ошондо улуу агасы Бактьшр кызыл данды уучтап: Иним, "ырыс алды ынтымак" деген ушул. Мындан ары да ар убак бирибирибизге каралашып жардамдашып, ын тымактуу жүрсөк, өмүр бою кордук көрбөйбүз! деген экен. Анда кичүүсү агасына башын ийип, жооп кайтарыптыр: Кебиңизде калет жок, агатай! Айтканыңыздын баарын аткарамын! Сөзүнүзгө даярмын.

Ой-пикирлер